Акыркы макалалар

Салижан Жигитовдун 80 жылдыгына карата илимий конференция өтөт

Эртең, 22-апрелде Улуттук илимдер академиясында белгилүү адабиятчы, сынчы, акын, окумуштуу жана коомдук ишмер Салижан Жигитовдун 80 жылдык мааракесине карата уюштурулган илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди.

Конференцияга белгилүү акын-жазуучулар жана окумуштуулар катышып, С.Жигитовдун чыгармачылыгына арналган докладдар окулат.

Белгилүү адабиятчы, сынчы Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Ош областынын Өзгөн районундагы Көлдүк айылында жарык дүйнөгө келген.

С.Жигитов филология илимдеринин доктору (1992), КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1994), профессор (1999), Кыргыз эл жазуучусу (2005), КМУнун филология факультетин (1959), Кыргыз ССР ИАнын аспирантурасын (1965) бүтүргөн. Эмгек жолун 1959-жылы мектепте мугалимдиктен баштаган. 1961-62-жылдары Кыргыз ССР ИАнын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, сектор башчысы, 1966-73-жылдары КМУнун окутуучусу, 1974-78-жылдары Кыргыз совет энциклопедиясында башкы редактордун орун басары, 1978-92-жылдары кайрадан Тил жана адабият институтунда сектор башчысы, 1992-93-жылдары КРдин Президентинин кенешчиси, 1993-жылы КРдин Өзбекстандагы атайын жана ыйгарымдуу укуктуу элчиси, 1996-2000-жылдары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин проректору, 2000-жылдан аталган окуу жайдын Гуманитардык билимдер институтунун директору болуп иштеген.

Алгачкы ырлары, сын макалалары 1950-жылдары чыга баштаган. Ырлары сезимталдыгы, ачык-айрымдыгы менен өзгөчөлөнөт. Ал көркөм пародиянын да чебери болгон.

С.Жигитов 2006-жылы 11-февралда Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...