Акыркы макалалар

ООРУКТУН ООР ЖҮГҮН АРКАЛАГАН ФАТИМА ЭНЕ

ООРУКТУН ООР ЖҮГҮН  АРКАЛАГАН ФАТИМА ЭНЕ

Жалал-Абад шаарынын тургуну Фатима Гадаева жаркыраган жаздын 25-мартында 90 жашка

чыкты. Фатима эне Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында тылда эмгектенген. Ал күндөрдү тынбай

ойлоп олтурам. Түшүмө кирип калганда коркуп дагы кетем деп сөз баштады Фатима эне.

Мен 1924-жылы 25-мартта Татарстанда туулгам. Үй-бүлөдө 8 бир тууган 7 уул, 1 кыз элек. Алардын эң улуу-

су мен болчум. Мен 6 жашымдан колхоздо иштедим. 18 жашымда Ярославск облусуна жөнөтүштү. Ал жакта көп кыйынчылыктарды көрдүк. Эркектер жасаган жумушту дагы жасадык. Көбүнчөсү баткактарда иштедик.

Баштыкчаларга кирпич салып, жонубузга көтөрүп вагондорго ташыйт элек. Ачка калган күндөрүбүз көп болду. Күнүнө 300 грам нан менен сууга кайнатылган картошка беришет болчу. Ач калып эгилип турган картошкалардын чиригенине карабай сууга кайнатып жечүбүз. Татарстандан, Беларуссиядан вагондордо капусталар келет эле. Аларды көлөкө жерге сактагандыктан бакалар аралашып, арасында өлүп дагы калга-

нын көрөт элек. Айла жок, өлүп калгандан көрө деп бакаларын деле кошуп жеген күндөрүбүз болду.

Кийин 21 жашымда согуш бүттү. Улуу жеңишти укканда ак эткенден так этип өз жерибизге кайттык. Тылда баткакта иштегендиктен колу, бутум ревматизм оорусуна чалдыгып кайттым. Алардын колунан медалдарды алдым. Кийин 1956-жылы отпускага барган досторум

менен Кыргызстанга келдим. Ошол боюнча тагдырдын буйругу экен бул жакта иштеп калып калдым. Иш-

теп жүрүп кыргыз жигитине турмушка чыктым. 2 кыз бир уулду болдук. Шаарда нан заводунда, мебельный

фабрикаларда ж.б. ар түрдүү жумуштарда иштеп жүрүп, пенсияга чыктым. Азыр 1 кыз, 1 уулум калды. Чоң кызым 30 жашында каза болгон. . Экинчи кызым майып, азыр Спутник шаарчасында жашайт. Жолдошум эрте эле каза болуп калган. Жалгыз уулум ооган согушуна катышып келген, оорукчан үйдө жатат. Азыр мени менен чогуу жашайт. Учурда Фатима эненин 6 небере, 13 чебереси бар. Фатима эне көптөгөн кыйынчылыкты

башынан өткөрүп, карылыкка моюн сунуп, ооруганына карабай үй-жайын актап, сырдап, эшик төрүн гүлдөтүп олтурат. Неберелерим жаш болуп, жардам берген адамым жок болгондуктан баарын өзүм жасоого туура келет, -деп сөзүнүн аягында өкмөттүн, жергиликтүү жетекчиликдин берген жардамына, ошондой эле алар

менен өз кызындай мээрим төгүп иштешип келе жаткан, социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкери Анара айымды айтып, өз ыраазычылыгын билдирди.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...