Акыркы макалалар

КР тарыхчылары бирдиктүү база түзүү үчүн кошуна өлкөлөрдүн архивдеринде жүрөт

КР тарыхчылары бирдиктүү база түзүү үчүн кошуна өлкөлөрдүн архивдеринде жүрөт

Мамдирекция иликтенген архивдик документтердин хронологиялык чектерин 1883-1917-жылдар түзөрүн айтышты.

Кыргыз тарыхын тастыктаган баалуу тарыхый 24 документтин 726 барактан турган көчүрмөсү даярдалып, Борбордук мамлекеттик архивге тапшырылды. Бул туурасында Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча иш-чаралардын комплекстүү планынын 53-пунктунун алкагында Архив агенттиги Россиядагы, Казакстандагы жана Өзбекстандагы мамлекеттик архив материалдарын, 1916-жылдагы окуялар боюнча маалыматтарды чогултуп, бирдиктүү база түзүү тапшырылган.

"Тарых илимдеринин доктору Кенесариев жетектеген, Борбордук мамлекеттик архивдин адистеринен турган илимий топ Россиянын Санкт-Петербург шаарынын эң ири мамлекеттик архивинин фондулары менен жакындан тааныша баштады. Алар XVIII, XIX, XX кылымдын башындагы тарыхый окуялар камтылган документтерди иликтөө иштерин жүргүзүүдө", — деп айтылат дирекция тараткан маалыматта.

Ал эми экинчи илимий топ аудиовизуалдык документтерди иликтөө максатында Россиянын Красногорск шаарындагы архивдик фондулар менен иштеп жатат.

Дирекциядан иликтенген архивдик документтердин хронологиялык чектерин 1883-1917-жылдар түзөрүн билдиришти.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...