Акыркы макалалар

Таштанды ымыркайлар үчүн төрөтканада атайын жай ачуу сунушталууда

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги төрөт үйлөрүндө таштанды ымыркайлар үчүн атайын жай ачууну сунуштоодо. Эл аралык тажрыйбада Baby box деп аталган контейнерлер, министр Талантбек Батыралиевдин айтымында, айла кеткендеги арга болууда:

– Өз ымыркайларын өлтүрүп, көчөгө, ажатканага таштап кеткендерге жөн карап олтуруу мүмкүн болбой калды.

Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын китепчелерди чыгарып, кош бойлуу келиндерге таратып жатат.

"Ар бир төрөт үйүндө баласынан арылгысы келген аялдар үчүн наристени салып, кете бере турган атайын коробкаларды коюу анча деле көп каражат талап кылбайт" деп айтылат министрлик бүгүн тараткан билдирүүдө.

Өткөн айда Бишкекте таштандынын арасынан жана Ботаникалык бактын жанынан жаңы төрөлгөн ымыркайлардын сөөктөрү табылган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...