Акыркы макалалар

Ош шаарында 275 орундуу орто мектеп курулууда

Ош шаарында 275 орундуу орто мектеп курулууда

Ош шаарынын Курманжан Датка-2 аймактык кеңешинде 275 орундуу орто мектептин пайдубалына капсула коюлду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы билдирди.

“Мектепке жалпысынан 65 млн сом бөлүнгөн. Ал эми тендердик баасы 45,9 млн сомду түзөт. Үнөмдөлгөн 20 млн сом ошол эле аймакка бала бакчанын курулушуна жумшалаары күтүлүүдө»,- деп айтылат билдирүүдө.

«Жыл башынан бери эки бала бакча курулуп, пайдаланууга берилди. Жакынкы айларда Пятилетка айылында 120 орундуу бала бакча, Жийделик аймагында Казакстан Республикасынын Президентинин каржылоосу менен курулуп жаткан 500 орундуу жаңы орто мектептин курулушу аякталып, пайдаланууга берилгени турат. Бул багыттагы аракеттер жергиликтүү жана республикалык бюджеттин, чет элдик донорлордун жардамы менен мындан ары да уланытылат», – деди Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...