Акыркы макалалар

Тышкы соода жана экспорт кыскарууда

Кыргызстанда тышкы сооданын жана экспорттун көлөмү азаюуда. Экономика министрлигинин маалыматына караганда, январь-февраль айларында тышкы соода жүгүртүү 613 млн доллар болду.

Бул былтыркы жылдын алгачкы эки айына салыштырганда дээрлик 27% төмөн.

Ошону менен катар өлкөдөн сыртка товар экспорттоо алгачкы эки айда былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 18% кыскарды жана 203 млн долларды туздү.

Буга алтын, пахта, сүт азыктарын жана жашылча-жемиштерди сыртка сатуу көлөмү азайганы себеп болду.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...