Акыркы макалалар

Англис тили ааламга жол ачат

Англис тили ааламга жол ачат

Ааламга жол англис тили менен

Англис тили Эл аралык тил болуп калыптанышы XVI кылымдарга таандык. Англиянын деңиз флоттору ал маалда дүйнөдө мыкты саналып, соода сатыктардын баары ушул каттам менен жүрүп турган. Натыйжада соодагерлердин бирдиктүү тили катары калыптанып, бүгүнкүдөй деңгээлге жеткен. Учурда ааламга жол англис тилисиз элестетүү мүмкүн эмес болуп калды. Чындыгында илимдин, инновациянын жана технологиянын ыкчам түрдө чыккан маалыматтарды англис тилинде гана алууга болот. Демек, алдыга коюлган максат жогору болсо да, эгер чет тил жетиштүү өздөштүрүлбөсө алдыга жылуу мүмкүн эмес. Буга байланыштуу кыргызстандык жаштарда да чет тилдерин өздөштүрүүгө багыт алышты. Анткени көп тил билүү көп мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Чет өлкөгө бекер окуулар, мыкты тажрыйба алмашуулар жана жогорку айлык акы менен жумуш табууга болот. Буга көп тилди өздөштүргөн белгилүү жазуучулар да кошулушат. Маселен Турсунбек Мадылбай азыр 30га жакын тилде эркин сүйлөйт. Мындай кадамын ал бир четинен өзүнүн кесибине байланыштырса, экинчи жагынан тилге болгон сүйүү көп тилдерди өздөштүрүүгө тарткан.

Мугалимдер өздөрү жалкообу?

Бирок, тил үйрөнүүгө талап күчөп жатканы менен билим берүү мекемелери начар. Көпчүлүк каалоочулар тил үйрөтүү курстарына агылып жатат. А мындай абалда мектептерде чет тилдери өтүлбөйбү деген суроо жаралбай койбойт. 11 жылда мектептин программасында көрсөтүлгөндөй, эркин сүйлөп чыккан окуучулар өтө сейрек. Буга мугалимдердин билими төмөнбү же окуп жаткандардын жалкоолугу себеп болуп жатабы? Бишкек шаарындагы №45 орто мектептин англис тили мугалими Бурул Атышова бул абал министрлик чыгарып берген программада экенин айтат. Мектепке тилчи болуп келгенине быйыл 3 жылдын жүзү болду. Бул аралыкта окуу программасы бир дагы жолу өзгөртүлгөн эмес. А ага чейин программа канча кышты өткөрдү ким билет. Мунун акыр аягы окуучуларга тийип, тил үйрөнбөй чыкканы чындык. Анткен менен Бурул өз тажрыйбасында бир канча окуучуну өзү жекече окутуп көргөн. Жыйынтыгында башка окуучуларга караганда алдыга өсүүлөрдү байкай алган.

Көп тил билүүгө кымбат курстар пайдубал болбойт

Кыргызстанда, анын ичинде Бишкек шаарында англис тилин үйрөтүү курстары ондоп саналат. Алардын орточо санын көчөлөрдө илинген жарнамалардан деле байкаса болот. Алды бир ай, арты бир жылда сүйлөтүп чыгарабыз деген сөздөр кулакка деле сиңип бүттү. Ал үчүн айына 1500-3000, эгер жекече үйрөнөм дегендер бул сумма үч эсеге өсө турганы бышык. Анткен менен төлөгөн акчаңа жараша татыктуу билимди алууга боло турганын «Секом» билим берүү мекемесинен Айжамал Мамазаирова айтат. Анткени тил менен үзгүлтүксүз 1-1,5 жылдык машыгуу менен жакшы жыйынтыкка жетсе болот. А тил курстары буга адамды бир системага калыптануусуна жардамын бере алат. Бирок, көп тил билүүгө кымбат курстар пайдубал болбойт дегендер да жок эмес. Ал шык үйдөн, бала бакчадан жана мектептен негизделет. Эң башкысы – баланы эне тил менен кошо ар түрдүү тилдерди сүйүүгө жана аларды үйрөнүүгө каалоону ойготуу керектигин эскерткен адистер бар.

Автор: Чолпон Бейшелен кызы

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...