Акыркы макалалар

Ага эли їчїнчї жолу да ишеништи

Ушул убакка чейин Нарын районунун Оттук айылында элдин турак їйлєрїнєн башка бир дагы коомдук мекеме (клуб, мектеп, ФАП, бала бакча ж.б.) курулбаптыр. Андыктан, жаўы салынган Жээнбай Мамбеталиев атындагы клуб айылдын тарыхындагы биринчи коомдук курулуш экен. Азыр ал клубда айылдыктардын ар кандай иш-чаралары, жыйындары, маданий оюн-зооктору єтєт. Ошол эле учурда бул маданий борбор жергиликтїї элдин сыймыгы дагы. Айтмакчы, клубдун салынышына демилгечи болуп, долбоор жазып, аны ишке ашырган элдик лидер Мырзабек Босунов менен баарлашып отуруп, биз анын орто мектепти айылдан эмес, шаардык мектептердин биринен аяктаганын угуп, кандайча анан элет їчїн кїйїп-бышып, элдин ысык-суугуна аралашкан айылдык лидер болуп чыга келгенине кызыктык.

Башат...

– Мен єзїм ушул эле Эчки-Башы айылында тєрєлїп, алты кыздан кийинки жалгыз уул болуп чоўойгом. Бирок, апамдын ден соолугуна байланыштуу 4-класстан тартып Нарын шаарындагы «Кыргызстандын 60 жылдыгы» орто мектебинде эжемдин колунда жїрїп окуп бїттїм.

Ошол окуучу кезде эле лидерлик сапатым бар болчу. Ар кандай коомдук иштерди аткарып, дайыма КВН жана башка конкурс­тарда команданын капитаны болуп, уюштуруучу катары алдыда жїрєр элем. Классташтарым мени “биздин башчыбыз” деп айтышчу. Алар антип атаган сайын сабакты да жакшы окуп, класстын намысы їчїн чымырканып бекем турар элем... – дейт ал. Бала кезинде: “КГБнын кызматкери болсом”, – деп кыялданчу экен. Ошентип, ушул тилек, ушул максат анын жанын жай алдырбай, бат эле орто мектепти аяктачу кїндї кїттїрєт. Кєптєн кїткєн кїн да келип жетет, бирок, жалгыз уул болгондуктан, апасы анын окуйм деп шаарлап кетишин каалабай, айылдан чыгуусуна макулдук бербей коёт. Антсе да, акыл-эстїї баланын шагы сынып, баары ушуну менен бїттї деп эсептебейт. Бала чагынан башталып, эс тартканча калыптанып мїнєзгє, анан адатка айланып калган уюштуруу¬чулук сапаты эл менен аралашууга тарта берет. Эчки-Башыга келгенден кийин да балдарды уюштура коюп, айылдын ар кандай иштерине аралашып, кары-картаўдарга, бїтпєй жаткан иштерге жардам берип, эл кєзїнє кєрїнє баштайт. 2004-жылы айылдык кеўешке талапкерлигин коюп, єтїп кетиши аны ого бетер шыктандырып койгонун айтат. Айыл элинин ар кыл муктаждыгынан жаралган алгачкы долбоорлор биринин артынан экинчиси жазыла баштайт.

– Артыбызга кылчайып карасак, убагында билинбегени менен бир топ эле кыйынчылыктарды жемиштїї басып єтїптїрбїз, – дейт эми ал. – Башында жїрєктїн сары суусун алып, жыйынтыгында эч качан эстен кетпей эсте калган иштерибиз да болду. Айткандай эле, элдин эсинде, айылдын тарых беттеринде жазылып калчу ошондой иштердин бири, жогоруда биз кеп кылган Ж.Мамбеталиев атындагы клубду баштаганда, адегенде бир топ эле кыйынчылыктарга туш болдук. Анын архитектуралык чиймелерин чийдирїї эле бир канча машакаттарды жаратты. Мындан сырткары, бардыгын жоктон – пайдубалдан баштоо – элдин «єздїк салымын» кєбїрєєк талап кылат экен, – дейт М.Босунов.

Анын айтымында, дїйнєлїк банктардын талабына ылайык, курулушка кеткен чыгымдын канча бир бєлїгїн эл накталай жана эмгек тїрїндє єздєрї кєтєрїш керек болгон. Андыктан, клубду салууда башка жактан куруучулар чакырылган (жалданган) эмес. Болбосо, дагы кошумча чыгымга учурамакпыз, экинчиден, эл жасалып жаткан ишти єз колу менен кармап, єз кєзї менен кєрїп, єзїнїн маўдай терин тєгїп аралашуусу керек болчу. Ошондо гана аларга долбоордун иши ачык-айкын болот. Аздыр-кєптїр єзїнїн салымы кошулган ишке ким болбосун аяр мамиле жасоого єтєт. Андан аркы иштерге єзїнїн ишеними, умтулуусу пайда болот. Бирок, андай болгон учурда дагы: “Эл єзї салып жаткан курулуш талапка ылайык иштелип жатабы, жокпу? Ал эртеўки кїнї ар кандай жаратылыш кубулуштарына, мисалы, жамгырга, карга, шамалга, жер титирєєгє ж.б. туруштук бере алабы?” – деген коопсуздуктун алдын алуу эрежелерин да сактоо керек болчу. Ошол себептен, бул ишке кєзємєл кылып туруучу атайын адис чакырылып, жумуштун бардыгы анын кєрсєтмєсї, ынанымы аркылуу ишке ашырылып турган. Мына ушундай учурда, жакшы демилгени, жакшы ишти эч качан жерге таштабаган эл тїрїлє келишкен да, бири кирпичин коюп, бири суусун ташып, клубдун бїткєрїлїшїнє жапырт катышып беришкен. Ошондой эле район боюнча биринчи жолу ушундай ыкма менен башталып жаткан ишти сырттагылар да байкоочу катары карап, иш ары-бери єткєндїн кєўїл борборунда болуп турган.

– Мырзабек байкедей иштерман адамдар болбогондо, бул клуб дагы, анын бир бурчунда жайгашкан биздин мына бул чакан китепканабыз дагы болмок эмес, – дейт китепканачы Д.Исмаилова.

Элге жагуунун сыры...

Айтмакчы, Мырзабек Босуновдун 2008-жылы кайра да депутаттыкка талапкерлигин коюп, колдоого ээ болуп, єтїп кетиши, айылдык кеўештин тєрагасы болуп, ишенимге ээ болуусу дагы, єткєн жылы дагы (2012-жылдын 25-ноябрында) кайрадан депутат болуп шайланышынын себептеринин бири, анын айылга кєп инвестиция киргизгенинде экенин жердештери кеп кылышат экен.

Ал эми єзїнїн айтымында, ушул 2004-жылдан 2012-жылга чейин Айылдарды инвестициялоо долбоору тарабынан айылга 1 850 828,00 сом каражат бєлїнгєн. Мындан сырткары, ушул эле арлыкта бардык долбоор-лорду жїзєгє ашыруу їчїн элдин накталай жана эмгек тїрїндє кошкон салымы 700 195,00 сомго чейин жеткен. Мындан сырткары да жасаган, жасап жаткан, алдыга койгон пландарынын жемиштїї экени да эл тарабынан бааланарын маектештерибизден улам

билдик.

– Ал абдан иштерман, так, калыс, адамгерчилиги башкача жигит. Айрыкча, Айылдарды инвестициялоо долбоору менен иш алып барып, айылдыктарды долбоор жаздырып, ошонун аркасында канчалаган маселелерибиз чечилди. Ошондуктан эл кайра да депутаттыкка шайлап алышты. Ага айылдыктардын баарынын кєз карашы тїз. Айтмакчы, дагы бир эрдиги – айылда телефон деген такыр жок болчу. Азыр анын чуркап, аракеттенїїсїнїн аркасында “Мегаком” тартат. Телефон аркылуу интернет окуп, агентти пайдаланып, алыс-жуук менен байланышып дегендей, оўуп эле калдык, – дейт мектептин мугалими Асел Султаналиева.

Таттуу токоч жыттанган ашкана

Биздин каарманыбыз, Он-Арча айылдык кеўешинин депутаты Мырзабек Босуновдун айтымында, мектептин мына бул чакан ашканасы башта пайдаланылбай эле, аўгырап бош турган кабинет экен.

Кийин, мектептин жамааты тарабынан балдардын ашканасын уюштуруу демилгеси менен мектеп мугалимдери жазган дол-боордун негизинде, балдардын чакан, бирок таттуу токоч, сїт жана момпосуй жыттанган сїйїктїї ашканасы пайда болуптур. Бул жерге балдар эртеў менен жана тїштєн кийин ар бир экинчи сабактан чыккан тыныгуу убагында келип, кыркаар тизилип туруп алышып, ысык-сууктан кызарган быйтыгый колдорун кезектешип жуушат да,

даам татууга келишет.

Суу бєлїштїргїчтєр…

Айылдардагы эў кєйгєйлїї маселелердин бири – сугат маселеси. Ансыз дыйканчылыкты єнїктїрїїгє мїмкїн эмес. Эгерде дыйканчылык тїшїмдїї болбосо, анда мал чарбачылыгы дагы киризиске учурайт.

Мына ошондуктан, эў орчундуу маселелердин бири – ирригациялык маселе, т.а. сугат жерлерин суу менен камсыз кылуу маселеси эки айылдын теў абдан кєйгєйлїї маселелеринин бири болчу. Ошентип, узундугу 7-8 километрге жеткен суунун агымы оўдолуп, суу бєлїштїргїчтєр орнотулган. Мисалы, бул бєлїштїргїчтєр аркылуу сууну керектїї жерлерден агызып алып пайдаланып, ал жер сугарылып бїткєндєн киийин андан ары «жєнєтїп» жиберип, башка бир керек жерден кайра бєлїп ала турган жабдыктар экен. Булардын їзїрї ушул жылы абдан жакшы болуп, дыйкандардын иши да жеўилдеп, айдоо аянттары да тиешелїї деўгээлде суу ичип, суу да талаага текке кетпей їнємдєлїп, тїшїм да жакшы болуп дегендей, дыйкандар ыраазы экен.

М.Босунов билдиргендей, бул ирригациялык тармак аркылуу Он-Арча айылында 300 гектарга жакын жер, мындан сырткары Оттук айылынын да 150 гектардай айдоо аянты сугарылат…

«Балык багабыз»…

Бул айылдын эли учурда АРИСтен сырткары ЮСАИД, ПРООН сыяктуу, дагы башка долбоорлор менен алака тїзїп, иштеп жатышканын ЖИКтин тєрагасы сыймыктануу менен кошумчалады:

– Элди АРИСтен башка да долбоорлор менен иштеше билип, жакшы жашап кетїїсїнє шарт тїзїї – АРИСтин максаттарынын бири болчу. Ошондуктан жергиликтїї элге долбоор жазууну, ал тургай эсеп-чот кагууну, башка иш кагаздары менен иштєєнї їйрєтїп, атайын окууларды уюштуруп берип жаттык. Калп айтканда не, азыр

айылдын эли кыйла эле “грамотный” болуп калышты...

Мырзабек Босунов айылда демилгелїї топ уюштуруп, айылдык дыйкандардын, фермерлерин муктаждыктарын жеўилдетїї максатында єз каражаттарынын эсебинен койлорду кралиндєєчї кубка жана кєчмє кыркын пунктун ачышканын уктук. Муну менен кошуна айылдарга да кызмат кєрсєтїп беришет экен. Тактап айтканда, башка айылдыктар койлорун кубкага саларда, кыркын маалында он-арчалыктардан жардам алып турушат. Мындан сырткары, биз менен маегинде ал айылды андан ары єнїктїрїї максатында изденип, ушул жылы Эчки-Башыда балык єстїрїїнї ишке ашыруу аракетин жасап жатыптыр.

– Буга, албетте, шарт бар. Себеби, айылыбызда кыштын кїнї тоўбогон, кара суу деп аталган булагыбыз бар. Мына ушул булакты тосуп, балыктар «жашай» турган кєлмєгє айлантабыз. Кудай буюрса, бул айылга жакшы киреше алып келе турган єндїрїш болот, – дейт каарманыбыз.

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...