Акыркы макалалар

“Балчыктан княздыкка” умтулган Князев деген ким?

Князев Александрды алгачкы ирет 2000-жылдардын башында илимий иштер боюнча кезиктирген элем. Анда мен диссертациялык кеўештин тєрагасынын орун басары болчумун. Эгер жа¬ўылбасам А.Князевдин илимий темасы “Афганистандагы согуштардын контекстинде Борбордук Азия жана Кыргызстандын коопсуздугу” деп аталса керек эле. Анын єтє деле єзгєчєлєнгєн эрудициясын кєрє алган эмесмин. Андан 2-3 жыл єтїп-єтпєй эле Дїйшємбїдєн (Тажикстан) ушуга окшош эле темада “Афганистандагы кризистин Борбордук Азияга тийгизген таасири” дегендей темада докторлук диссертациясын коргоду деп угуп калдык. Албетте, ким кайдан коргойт, жетекчиси же илимий консультанты ким болот? - ал диссертанттын жеке иши деўизчи. Ошентсе да илимпоздор арасында мындай бир жазылбаган мыйзам бар: ким кандидаттык диссертациясында жетекчи болсо, ошол адам докторлук диссертациясына да консультант болот. Анан єзїбїздє КРСУда, улуттук академияда, улуттук университетте тарыхтан коргой турган адистештирилген Кеўештер турса Дїйшємбїдєн диссертациясын коргоштун єзї кандайдыр бир кїдїк ойлорду пайда кылат. Мен бул Князевдин персонасына кайрылбай эле койсом болмок, бирок кийинки кездерде Кыргызстандагы саясий процесстерге жана демократиялык єзгєрїштєргє, кала берсе Нарында курулуучу ГЭСтерге, суу маселерине теўирден тескери, кекирейген, менменсингендик менен баа берип, Кыргызстанды жана кыргыздарды кордоп жазгандары жана айткандары мага тынчтык берген жок. Эгер унчукпай койсоў, бул кайра-кайра маалымат каражаттарында жамандаганын уланта берет, ал эми єзїнє жараша жооп бере турган болсок, ал “менин саясий ишмердигиме тоскоолдук кылып жатат” – дейт. Таў каласыў, Кыргызстанда, анын пикиринче, бир дагы позитивдїї кєрїнїш жок, бардыгы кара боёк менен боёлгон, бардыгы жаман. Бул жигит ушул жерде тєрєлсє, ушул жерден окуса, бейиштей болгон жердин бардык жакшылыктарын кєрсє, анан кайра туу­-луп, єскєн эли-жерин мазактап, улам-улам жамандай берсе жаныў ачыйт экен. Албетте, Кыргызстанда сындай турган кєрїнїштєр єтє кєп, аны сындаш керек, ага жооптуу адамдардын кєзїнє сайып кєрсєтїш керек, бирок, ошол эле кезде анчалык акылдуу экен, патриот катарында маселени чечїї жолдорун да кєрсєтпєйбї!

Эске тїшєт, 2010-жылда Оштогу болгон трагедияны изилдеген академик А. Эркебаев жетектеген мамлекеттик комиссияга мїчє кылып койсо, ишти баштай элек жатып “Мен бул комиссияга кошулбайм”, – деп чыкты. Эгер мекенчил болсо жигердїїлїк кылып, комиссия туура эмес иштеп жатса, ага єзїнїн кєз карашын айтып, тууралап турбайбы! Жок, анын ордуна сырттан туруп сындоо, єзїнчє эле єзгєчєлєнїї эў оўой популистик жол эмеспи.

Эми Князевдин маалымат каражаттарындагы айткан-дегендерин терип-тепчип олтурбай, айрымдарына эле токтолоюн. Мурда “Asia-Plus” радиосуна берген материалында “Кыргызстандагы саясий системаны кантип атабайлы – демократиялык же либералдык, авторитардык же монархиялык, же дагы эмне деп атабайлы, анын ички мазмуну трайбалисттик же їй-бїлєлїк, кландык болуп кала берет” – дейт. Таў каласын, ал єзї пир туткан Америкада 200 жылдан ашык, ал эми Улуу Британияда 500 жылга жакын убакыттан бери демократиялык мамлекет курабыз деп, андай тєгєрєгї тєп келген демократияны кура албай келе жатышат. Ал эми демократиялык процесстерге бар болгону 20 жылдай убактан бери умтулуп келе жаткан Кыргызстандан башканы кїтїїгє мїмкїн эмес. Же КМШ мамлекеттеринде бизден ашып тїшкєн демократиялуу, бизге мисал боло турган мамлекет барбы?

Дагы бир жеринде Кыргызстандын калкында “мамлекет”, “демократия” – бул эмне деген тїшїнїктєр, анын функциялары кандай? – дегеле мындан кабары жок”, – деп кєзї ачыктык кылат. Мындайды кыргыздар – “Ириген ооздон чириген сєз чыгат” – дейт эмеспи.

Князевдин интернетке жана ар кыл мезгилдїї басылмаларга жарыялаган билдирїїлєрї жана айткан сєздєрї, ал тарабынан єзї туулуп єскєн мекенине карата жасалма жана жалган сєздєрї, дайыма керт башын, жеке кызыкчылыктарын ойлогон текеберленїїсї, такыбасынуучулугу анын чыныгы “жїзїн” айгинелейт.

Князев Кыргызстан менен коўшу республикалардын элдеринин ортосунда тїзїлгєн тарыхый толеранттуулук жана достук мамилелерди, тїштїктїн меймандостугун пайдаланып, туулуп єскєн жеринин, кыргыз элинин кадыр-баркын тємєндєтїїчї сєздєрдї сїйлєгєнгє жол берип келе жатат. Бизден башка кайсы мамлекетте болбосун мындай кер аяк адам менен “сиз-биз” дешип олтурбай эле бир мїнєттє єз ордун кєрсєтїп коюшмак.

Буга окшогондорун айтып отурсак єтє эле кєп. “Макул, эми бир бечара эптеп єз нанын таап жеп жїрєт” деп анын айткан-дегендерине кол иштеп койсо болот эле. Бирок ушу жылдын 26-мартында “Россия” медиа-борборундагы басма сєз жыйынында тараткан маалыматы мени да єз оюмду билдирїїгє аргасыз кылды.

“Ким бїгїн Кыргызстанда бийликти жана Президент А.Атамбаевди коргоого даяр? Коргоо министрлигиби? – Жок! Ички иштер министрлигиби? – Дагы жок! Атайын даярдыктагы аскерлерби? –Жок”, – деп дагы кєзї ачыктык кылат.

Демек муну менен “билерман” Князев бїгїнкї Кыргызстандагы легитимдїї бийликти, А.Атамбаев баш болуп бардыгын, жумшагыраак айтканда, жокко чыгарып, биз менен алакада болгон жакынкы жана алыскы, коўшу мамлекеттерге, келе турган инвесторлорго, бизнесмендерге, жалпы эле дїйнєлїк коомчулукка “Кыргызстанга ишенбегиле, ал жерде бийлик менен тартип, мамлекет жок” – деп кулак кагыш кылып, коўгуроо чалганы. Бул эмне деген жїзї каралык? Албетте, эми Князевге эч ким деле (расмий бийликтер) ишенбейт дечи. Бирок, кандайдыр бир деўгээлде коомдук пикир жаралышы мїмкїн. Анткени Князев, айрымдардын пикиринде, Кыргызстанда туулуп-єскєн, окуган, демек кырдаалды ичинен билет деп ойлошот.

Князевдин айтуусу боюнча, Нарын-Сырдарыя жана Амударыя суулары чек ара аркылуу єткєн дарыялар болгондуктан, “Кыргызстан Єзбекстан жана Казакстан менен макулдашуусуз Камбар-Ата ГЭСин курууга укугу жок” имиш! Демек, биз алардын уруксаты жок эч нерсе кыла албайт экенбиз да. Автор Кыргыз Республикасынын Єзбекстан менен Казакстандан айырмаланып, 1997-жылы Хельсинки шаарында кол коюлган чек ара аркылуу єтїїчї суу агымдарын жана эл аралык кєлдєрдї коргоо жана колдонуу боюнча Конвенцияга кирбегендигин, демек, анын милдеттенмелери Кыргызстанга жайылбагандыгын кєрсєтпєстєн, окурманды атайы тескери ойго салгандыгын белгилеп кетїї керек.

Макалада А.Князев єзїнїн сокур тїшїнїгї менен жалпы коомчулук їчїн “Вахш, Нарын дарыялары тажиктердин жана кыргыздардын менчиги эмес, булар жалпы регионалдык суу системасынын компоненттери” деп мурда эч ким “билбей жїргєн” ачылыш жасап, кєзї ачыктык кылат. Бул “адистин” логикасын ээрчисек, Тянь-Шандын мєўгїлєрїнєн куралган Нарын Кыргызстандын менчиги болбосо, анда Кыргызстандын жери, тоолору, токойлору, мєўгїлєрї, жер астындагы кендери, дагы толгон байлыктары да Кыргызстандыкы эмеспи?!

Дагы бир баса белгилєєчї жагдай: бул Князевдин оорулуу ой жїгїртїїсїнїн апогейи – Кыргызстанды Орусиянын туруксуз жана ишенимсиз єнєктєштєрїнїн катарына кошуу. Ага жан їрєп маалымат каражаттарында сєз таратуу.

Єзїн саясат таануучу, Борбордук Азия боюнча адис деп эсептеген Князев мырза эмне їчїн єзїнїн кичи мекенин мындай терс кєз карашта кєрсєтїїгє аракеттенгендигин “ал кимдин кызыкчылыктарын кєздєєдє?” деген суроо аркылуу тїкшїмєлдєсє болот. Князев чет мамлекеттердин атайын кызматтарынын тапшырмаларын аткаруучу ар тїрдїї “илимий-изилдєє институттарынын” заказын аткарып жаткандай туюлат. Учурда ал жазмакер, элде айтылгандай, єз энесин да сатууга даяр экендигин аны жакшы билгендер жана журналисттик чєйрє талкуулоодо. Муну анын “Ичкен кудугуна тїкїрїп”, ал эми коўшу єлкєлєрдїн дарегине ашкере мактоолорду айтып жатышы тастыктоодо.

Бирок Князев болжолдогондой чыкпай эле, Нарын дарыясынын жогору жагына гидроэлектростанциялардын жаўы каскадын куруу боюнча кыргыз-орус стратегиялык долбоорлорун ишке ашырууга, аскердик-саясий кызматташтык чєйрєсїндє мамилелердин бекемделишине їчїнчї кїчтєрдїн тоскоолдук жасоо аракеттерине карабастан, Кыргызстандын тышкы саясий курсу КР Президенти менен РФ Президентинин расмий жолугушуусу далилдегендей, єзгєрїїсїз калууда. Мунун ырастоосу катарында эки тараптуу келишимдерди жакында Орусия Думасы менен КР Жогорку Кеўеши ратификациялады.

Чакан материалды аяктап жатып эки жагдайга кєўїл бура кетейин. Биринчиси, бу бизде, Кыргызстанда “саясий серепчи” “саясий-эксперт” “саясатчы” ж.б. деп саясатты єзїнїн кесиби кылып алгандардын бирєє-жарымы, тєкмє акын Аалы Туткучов айтмакчы, “бок сєзїўдї токтот, Княздын балакайы”-деп, тизгинин кагып коё албайт. Алар “Качан менден журналисттер маек алат экен” деп тротуарлардын мерчемдїї жерлеринде тура бербестен, мыйзамдын чегинде Князевге жана ага окшогондорго жооп берип туруу керек го. Болбосо, кудум кыргыз макалындай, “Жер ээн болсо, доўуз дєбєгє чыга берет”.

Экинчи жагдай, албетте, Князев кандай жазса, айтса, эмне десе, єзїнїн эрки, бирок Кыргызстанды, анын элин, тарыхын, улуттук сезимдерин кордогонго, басынтканга, улуттар ортосундагы алакаларга шек келтирген ойлорду айтканга анын кандай моралдык жана юридикалык укугу бар эле?.. Биздин билишибизче, ал азыр башка єлкєнїн жараны. Андыктан Князев чет єлкєнїн жараны болуп туруп, азыр да Бишкекте жашап, Кыргызстандын элин сыйлабастыгын кєрсєтїп, “Чет єлкєлїк жарандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жєнїндє” мыйзамдын “Республикада турган чет єлкєлїк жарандар Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана анын мыйзамдарын сактоого, Кыргызстандын элинин салттарына жана адаттарына урмат кєрсєтїї менен мамиле кылууга милдеттїї” деп айтылган ченемдерин бузууда. Анын сєздєрї жана тараткан маалыматтары, мамилеси тескерисинче, жалган чыгууда. Демек бул укук коргоо органдары жана прокуратура тарабынан укуктук баа берїїнї талап

кылат.

Бир орус досумдун аўгемелешїї учурунда “Князевде кичинекейинен эле комплекс неполноценности, кыргызчасы “єксїк комплекси” же “сапатсыздык комплекси бар” деген сєзї эске тїшєт.

Дайым эле єзїн кєрсєтїїгє, кандайдыр бир чыр чыга-рууга аракет кылат, бирок аны кєпчїлїк байкабай калат. Эл арасында Князевдин Фрунзе шаарынын мектептеринин биринде иштеп жїрїп жосунсуз жорукка барып, кылмыш жасагандыгы, андан эптеп кутулуп кеткендиги жєнїндє да сєз боло калып жїрєт. Эми мындай адамдарга єзїнє жараша чара кєрїп коюш керек. Болбосо кєбїртїп-жабыртуунун кереги жок.

Акаевдин тушунда белгисиз бирєєнї камай коюп, улуттук баатырга айлантып жиберишкен, ошонун сыўарындай, орус туугандар айтмакчы, бу Князевди да “балчыкта жаткан жеринен князь” кылып койбойлу. Бул ошону гана кїтїп жїрєт.

Жолборс ЖОРОБЕКОВ, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору, саясий илимдердин доктору

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...