Акыркы макалалар

КРнын Президенти Алмазбек АТАМБАЕВ: “Акимге инвестиция жагдайына жараша баа беребиз...”

Нарынкїл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”

Долбоорлорго каржы булактары табылууда

Беш жылдын ичинде 400 миўге жакын жумуш орундарын тїзїї керек. Муну менен жумушка жарамдуу жаштардын чет мамлекеттерге агылышын токтотууну камсыздай алабыз. Ал їчїн инвестиция-лык абалды жакшыртуу, ага бєгєт болгон тоскоолдуктарды четтетїї зарыл. КРнын 2013-2017-жылдар аралыгында стратегиялык туруктуу єнїктїрїїнїн улуттук стратегиясын турмушка ашыруу программасын Єкмєт даярдап чыккан. Ал жакында парламенттин кароосуна коюла турган болду.

Мына ушул маанилїї маселелерди караган Стратегия боюнча тїзїлгєн улуттук кеўештин жыйы-нында Єкмєт єткєн тєрт айдын ичиндеги улуттук стратегиянын программаларын ишке ашыруунун алгачкы кадамдары тууралуу маалымат берди. Премьер-министр Жантєрє Сатыбалдиевдин билдиргени боюнча єлкєнїн макроэкономикалык тармагы туруктуу кармалуусуна жетишилген. Алдыдагы беш жылда Кыргызстандын жалпы экономикасы, социалдык, агрардык, кен иштетїї, транспорт жана байланыш сыяктуу бир топ ири тармактарын єнїктїрїїнї колго алуу зарыл. Программада белгиленген эў ири эсептелген 76 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу їчїн 10 млрд. 770 млн. доллар керек болууда. Азыркы кїндє Єкмєт жогорудагы долбоорлорду ишке ашыруу їчїн каржы булактарынын 50 пайыздан ашыгыраак каржы булагын таап жаткандыгы белгилїї болду. Бул келечекке ишеним жарата турган кєрїнїш. Улуттук кеўештин жыйынында Жантєрє Сатыбалдиев: “Єкмєт бир эле учурда улуттук стратегиянын программаларын аткаруу иштерин да алып барууда. Долбоорлорду турмушка ашыра баштоо їчїн 5,5 млрд. доллардан ашык каржы булагы табылууда. Анын ичинен агрардык сектор їчїн керек болгон 24 долбоордун наркы 141,3 млн. долларга жеткен болсо, анын 14 долбоорун аткаруу їчїн 96,1 млн. доллар каржы булагы аныкталды”, – деди.

Энергетика тармагына келсек, улуттук стратегияга киргизилген 16 долбоордун баасы 4,98 млрд. долларга жетиптир. Алардын ичинен 12 долбоору їчїн каржы булагы аныкталып, 4,6 млрд. долларды тїзїп туру. Ал эми калган 4 долбооруна болсо 380 млн. доллар керектелип жатат. Бул їчїн да каржы булагы изилденип жаткан чагы.

Транспорт жана байланыш тармагына да ушундай эле 16 долбоор киргизилген болсо, анын 11и їчїн каржы булагы аныкталыптыр. Анын жалпы баасы 462,8 млн. долларды тїзїїдє. Ал эми калган 5 долбоорун каржылоо їчїн да акча табуу машакаты алдыда турат. Акыркысынын баасы 1,669 млрд. долларды тїзєт.

Тоо-кен тармагы боюнча жагдайды да айта кетели. Бул тармакта беш жыл аралыгында 16 дол-боор ишке ашырылыш керек болсо, анын бирєєсїнє гана каржы булагы табылыптыр. Тактап айтсак ал – “Кумтєр”.

Жыл сайын 10 миў гектар жерди єздєштїрїп отуруп, 2017-жылга чейин 50 миў гектарга жеткирїї керек. Стратегиялык документте бул орчундуу маселе так жазылып, Президент Алмазбек Атамбаев анын єтє олуттуулугун белгилеп, агрардык сектордун жетекчилерин милдеттендирген эле.

Жыйында улуттук кеўештин мїчєлєрї сын-пикирлерин да айтып жатышты. Парламенттик оппозициянын єкїлї, “Ата журт” фракция-сынын лидери Мыктыбек Абдыл-даев: “Єнїктїрїї стратегиясын кабыл алып, бекиткен эле кїнї аны ишке ашыруу боюнча Єкмєттїн планын да кошо бекитїї керек эле. Мен бул боюнча єткєн жылдын декабрь айында оюмду айткам. Азыр болсо жылдын жарымын єткєрїп жибердик”, – деген пикирин билдирди. Ал эми Жогорку Кеўештин “Ата мекен” фракциясынын лидери Ємїрбек Текебаев болсо: “Стратегиянын негизги жоболорун Єкмєттїн программасы катары Жогорку Кеўеште бекитишибиз керек. Ошондо гана бул мыйзамдык кїчкє ээ болот. Анын аткарылышын парламенттин тармактык комитеттери кєзємєлдєп турушу кажет. Мисалы, беш жылда 50 миў гектар жаўы жерди єздєштїрєбїз деп жатабыз. Быйыл 10 миў гектар жерди єздєш-тїрє алабызбы, жылдын жарымы єтїп кетти. Ушуларды эл да, биз да – баарыбыз так, ачык билгендей бололу. Биз гана эмес, ар бир айыл єкмєтї, жергиликтїї кеўештердин депутаттары программанын аткарылышын кєзємєлдєп алгандай жеткиликтїї болушу кажет”, – деди.

Єкмєт башчысы Жантєрє Сатыбалдиев улуттук кеўештин мїчєлєрїнїн жаўы жерлерди єздєш-тїрїї боюнча суроолоруна жооп

берип жатып, быйылкы жылы Бїргєндї массивинде 3,5 миў гектар жерди єздєштїрїї башталарын айтты. Анын каржы булактары да чечилиптир. Жылына 10 миў гектар жерди єздєштїрїї їчїн, мисалы, суу баскан жерлерди тазалоо иштери жандана турган болду. Мындай жерлер Чїй облусунда аз эмес.

Тилекке каршы, туруктуу єнїк­тїрїїнїн улуттук стратегиясына кээ бир министрлер кайдыгер мамиле жасап жатканын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев сынга алды. Мамлекеттик органдар алдыдагы беш жыл ичинде єлкєнї жогору деўгээлге кєтєрїї максатында чогулуп иштеп, баарылап кабыл алган стратегиялык документтеги коюлган милдеттерди ишке ашы-рууга милдеттїї. Бирок, кээ бир министрлер стратегиялык документтеги белгиленген милдеттерин ишке ашырууну мындай кой, єздєрїнїн тармагына тиешелїї бєлїмїн ушу кїнгє чейин ачып окубагандары бар экендигин айтты.

Президент Алмазбек Атамбаев улуттук кеўештин келерки отурумунда инвестиция тартуу жагдайында сїйлєшїїнї сунуштады. “Керек болсо акимдин же айыл єкмєт башчысынын ишине єзї жетектеген райондун же айылдын инвестициялык жагдайынан улам баа беришибиз керек. Инвесторго каршы жагымсыз иштерди жасаганыбыз туура эмес. Ошол эле айылдарда жарандарыбыз пенсия, жєлєк пул алышат. Балдарын мамлекеттик мектептерде, университеттерде окутушат. Андыктан инвесторго жакшы мамиле жасашыбыз кажет”, – деген пикирин билдирди.

Эки ынкылап акыйкатсыз шайлоодон чыккан

Кыргызстанда шайлоо процесс­терин ачык, таза єткєрїїдєн каражат аяган болбойт. Ал їчїн заманбап жабдуулар, єнїккєн демократиялуу мамлекеттер колдонуп жїргєн жаўы технологиялар менен камсыздоо зарыл болуу-да. 2015-жылы Жогорку Кеўешке шайлоо єткєрїлєт. Жергиликтїї кеўештерге шайлоолор бар. Президенттик шайлоо да кїттїрбєй келип калат. Ага чейин ушул баштан камкордук кєрїїнї мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев талап кылууда. Ал Кыргызстандагы эки революция¬нын чыгышы ыплас шайлоолордун кесепетинен болгондугун белгиледи.

Биз сєз кылып жаткан єлкєнї туруктуу єнїктїрїї процесстери таза шайлоолорсуз ишке ашпайт. Таза шайлоолорду єткєрїїнї жакшыртуу, жогорку деўгээлге алып чыгуу максатында атайын жумушчу топ тїзїлїїдє.

Шайлоо процесстерине бир жыл калганда шайлоо тууралуу мыйзам актыларына єзгєртїїлєрдї, толуктоолорду киргизїїнї токтотпосо болбойт. Бул шайлоого катышкандар анын эрежелерин алдын ала так билип, жакшы їйрєнїп, ал кайра єзгєрбєй тургандыгына бекем ишенїїсїнє шарт тїзїлїїсї їчїн керек.

Президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевдин маа-лымдаганына караганда жогоруда айтылган жумушчу топко парламенттеги ар бир фракциядан экиден депутат киргизилген. Андан тышкары, 2010-жылкы парламенттик шайлоодо єтпєй калышса да жакшы добуш алып, алдыўкы тизмелерге илинген беш партиянын бирден єкїлїн, буга кошуп “Єнїгїї”, “Улуттар биримдиги” жана “Замандаш” партиялары да чакыртылып, бул ишке тартылып жаткандыгы маалым болду.

Жогорку Кеўештин Тєрагасы Асылбек Жээнбеков: “Кезектеги шайлоолордун ачык-айкындыгын камсыз кылуу їчїн алдын ала бир кыйла иш-чаралар жасалышы керек. Алардын ичинде партиялар тууралуу мыйзамды єзгєртїї талабы турат. Шайлоочулардын тизмесинен тартып, анын жыйынтыгын эсептєєгє чейинки процесстин ачыктыгын камсыз кылуу зарыл. Ал їчїн элди диаметрикалык паспорттор менен камсыздап, шайлоо комиссиялары заманбап техникалар менен жабдылууга муктаж”, – деди.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...