Акыркы макалалар

Маяковскийдин кызы АКШда каза тапты

Маяковскийдин кызы АКШда каза тапты

Нью-Йоркто Патриция Томпсон аты менен белгилүү философ жана жазуучу Елена Маяковская кайтыш болду. Ал акын Владимир Маяковскийдин кызы болчу. Бул туурасында "Фейсбукка" Маяковский атындагы музейдин директору Алексей Лобов билдирди.

Ал 89 жашта болчу. 90-жылдык мааракесине карата музей үй бүлөлүк архивдеги буюмдарды коюп, көргөзмө уюштурууну максаттап жаткан.

Владимир Маяковскийдин кызы өмүр бою АКШда жашаган. Анын энеси Елизавета Зиберт менен акын 1925-жылы Нью-Йоркто таанышкан. Ал атасы менен байланышты эч качан үзгөн эмес. Акынды ал өмүрүндө бир гана жолу-эки жашында көргөн. Бирок бул жолугушуу түбөлүккө эсинде сакталып калганын айтчу.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...