Акыркы макалалар

Жалал-Абадда 265 мектеп интернетке туташтырылды

Жалал-Абадда 265 мектеп интернетке туташтырылды

Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абал облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева билдирди.

“Облус боюнча 473 жалпы билим берүүчү мектеп бар. Анда жалпысынан 210 миңден ашык окуучу билим алат. Аталган мектептердин көпчүлүгү компьютер менен камсыздалып, анын ичинен 265и интернет менен туташтырылган. Ага төлөнө турчу каражаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечилген. Мындан сырткары, 24 мектеп видео байкоо жабдуулары менен камсыздалды”,-деди Ж.Эгембердиева.

Анын айтымында 2015-2016-жылы 478 жаш адис мектептерге тартылган. Бирок, ага карабастан облустун мектептеринде 337 мугалим жетишпейт.

“2015-жылдын жыйынтыгы менен социалдык обьектилердин курулушунда жалпысынан 2019 орундуу 8 мектеп ишке берилди. Быйыл болсо 18 мектептин курулуш иштерин бүткөрүү пландалып жатат. Ошондой эле, 6 мектеп түрк ишканасынын колдоосу менен курулганы жатат”,-деп кошумчалады ал.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...