Акыркы макалалар

Республика боюнча мектептерде бир жылда 2,2 миллиард сом мыйзамсыз чогултулат

Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин жыйынынын “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Жыргалбек Турускулов мектептердеги мыйзамсыз акча чогултуу боюнча маселени экинчи жолу көтөрүп, Өкмөт менен тармактык министрликтен келген жооп катка канааттанбагандыгын айтты.

Депутат республика боюнча жалпы мектептерде бир жылда 2,2 миллиард акча каражаты чогултулаары боюнча айрым иликтөөлөрдү айтып, мындай жагымсыз көрүнүштү токтотуп, кандайдыр бир механизм иштеп чыгуу зарылдыгын билдирди. Мектепке же бала бакчаларга балдарды алып барсаң орун жок дейт да, таанышың же тыйынын берсең дароо орун табылат деген депутат бир катар мектептерден арыздар келгенин кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...