Акыркы макалалар

Кыргызстандын футболчулары тажикстандык атаандаштарын утуп алды

Кыргызстандын футболчулары тажикстандык атаандаштарын утуп алды

Кечээ, 29-мартта Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында футбол боюнча кыргыз жана тажик улуттук курама командаларынын беттешүүсү кыргыз тараптын утушу менен аяктады. Оюндагы алгачкы жана акыркы топту биринчи таймдын 18-мүнөтүндө чабуулчу Виталий Люкс киргизди.

Бул беттеш 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандап алуу беттештеринин экинчи баскычынын акыркы туру болуп саналды.

Белгилей кетсек, аталган эки команда өткөн жылдын 8-октябрда Бишкекте беттешип, 2:2 эсебинде тең ойношкон.

Экинчи баскычтагы тандоо оюндарында Кыргызстандын курама командасы 14 упай менен “В” тайпасында үчүнчү орунду ээлегендигине карабастан 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугунун үчүнчү баскычында ойной алышпайт. Бирок, 2019-жылы боло турган Азия кубогунун үчүнчү баскычтагы тандоо оюндарына чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Эскерте кетсек, тайпалык тандап алуу оюндарында Кыргызстандын негизги атаандаштары болгон Австралия менен Иорданиянын футболчулары кечээ Австралиянын Сидней шаарында беттешип, 5:1 эсебинде кожоюндар жеңишке жетишти. Ошентип, 8 оюндан кийин Австралия 21 упай топтоп “В” тайпасынын алдыңкы сабына чыкты. Иорданияда 16 упай бар. Ал эми Кыргызстан 14 упай менен үчүнчү орунду ээледи. Тажикстан 5 , Бангладеш бир упайга ээ болду.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...