Акыркы макалалар

Бишкектеги кинотеатрларда "ЖинМэн" аттуу комедиялык тасма көрсөтүлүүдө

Бишкектеги кинотеатрларда "ЖинМэн" аттуу комедиялык тасма көрсөтүлүүдө

23-мартта Бишкектеги кинотеатрлардын биринде комедиялык жанрдагы "ЖинМэн" аттуу тасманын бет ачары болуп өттү. Бишкектеги кинотеатрларда "ЖинМэн" аттуу комедиялык тасма көрсөтүлүүдө. Ага тасманын жаратуучулары, белгилүү өнөр адамдары, чакырылган коноктор жана башкалар катышты.

Тасмада эрке чоңойгон байдын уулу Баха тууралуу баяндалат. Акча менен баардык ишти бүтүрсө болот деген Баха ал балдарды уруп, тепкиге алып, ата-энесин капа кылып, Кудай жок дегенге чейин барат. Бир күнү эле баланы эсине келтирүү үчүн жин пайда болот. Ошондон тарта Баха 5 саат аралыгында жашоодогу ар түрдүү окуяларды, кыйынчылыктарды, кызыктуу окуяларды башынан өткөрөт.

Кудай жок деген каарман кандай окуяга туш болот? Чынында эле адамдын жини же шайтан канчалык деңгээлде жашоого таасир этет? Баханын жашоосу эмне болот? Ушул жана башка суроолорго толугураак жооп алуу үчүн "ЖинМэн" тасмасын көрсө болот.

Ал эми аталган тасма учурда шаардагы бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштады.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...