Акыркы макалалар

Баткенде спирт ичимдигин саттырбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Баткен районунун Бужум айылынын имамдары жана айыл өкмөтү жаңы демилге менен чогулушуп, коомчулукка көптөгөн залакасын тийгизген спирт ичимдиктерди сатууга тыюу салуу боюнча жергиликтүү дүкөндөрдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча жыйын өткөрүштү. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.

Демилгени аксакалдар жана жаштар колдоого алышып, учурда ичимдик саттырбоо боюнча пикир алышуулар жүргүзүлүүдө.

«Жыйын биринчи жолу өткөрүлгөн жок. Буга чейин да биз айыл өкмөтү менен биргеликте түшүндүрүү иштерин дүкөндөрдө жүргүзгөнбүз»,-деди Бужум айылындагы “Куба” мечитинин имам хатиби Тынчбек Карабаев.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...