Акыркы макалалар

Алыскы аймактын тургундарына акысыз юридикалык жардам

КАНАТБЕК АБЫЛКАСЫМ УУЛУ, ОШ

Ош шаарындагы «Адам укугу жана демократия» борборунун юристтери тарабынан Түштүк аймагынын алыскы райондорунда укуктук кеңештер берилди.

Алар Өзбекстан, Кытай, Тажикстан республикалары менен чектешкен Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ош облусунун Чоң-Алай жана Баткен облусунун Лейлек райондорунда болуп жергиликтүү калктын укуктук көйгөйлөрүн аныктоо боюнча анкеталык сурамжылоо жүргүзүп, муктаж жарандарга акысыз укуктук кеңештерди берип келишти.

Чаткал районунун тургундары экологиялык, социалдык, эмгек, үй-бүлөлүк укуктарынын бузулуусу, уурулук, мал уурулук, мектеп окуучулары арасында рэкетчилик сыяктуу укук бузууларды жана актоочулардын жетишсиздигин айтышты. Ошондой эле тургундар юристтерден алимент өндүрүү, бала асырап алуу, жөлөк пул, пенсия, нике күбөлүгүн алуу, жер, жайыт суроолору боюнча укуктук кеңештерди алышты. Мындан сырткары район эли эки чоң социалдык көйгөйдү белгилешип, тиешелүү бийлик жетекчилери тарабынан чара көрүлүүсүн өтүнүштү. Биринчиси, «бийик тоолуу жана барууга кыйын аймактарда жайгашкан калктуу пункттардын тизмесине» киргенин, бирок баардык айылдардын шарты бирдей болгонуна карабай кошумча төлөмдөрдүн өлчөмү эки гана айылдыкы 60 пайыз, калгандарыныкы 30 пайыз экендигин айтышкан. Мындан улам калган айылдарды дагы 60 пайыздык категорияга мыйзам аркылуу кошуу зарылдыгын, ошондой эле район аймагында алтын казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан чет өлкөлүк компаниялардын ишмердүүлүгү экологияга жана элдин генофондуна терс таасирин тийгизип жатканын, кен-казуу иштерине жергиликтүү тургундарды ар кандай шылтоолор менен жумушка албай, ички жолдорду оңдоо, социалдык имараттарды куруп берүү боюнча элдин талабын аткарбай жаткандыгын айтышкан.

Лейлек районунун тургундары жеке турак-жай куруу үчүн жер үлүшүн алуу, кыз ала качуу, Кыргызстандын жарандарын башка өлкөлөрдүн укук коргоо органдары тарабынан кармалышы, чек арадан өтүү, жер, ажырашуу жана жубайлар ортосунда мүлктөрдү бөлүштүрүү, алимент төлөө, аңчылык куралдарды сактоо тартиптери, мамлекеттен акысыз юридикалык жардам алуу, сотко кайрылуу тартиби, аксакалдар сотунун ишмердүүлүгү сыяктуу маселелер боюнча кайрылышкан. Жалпысынан айтканда бул аймактын жашоочулары жер, мүлктүк, эмгек укуктарын бузуу, эмгек миграциясы жана эң негизгиси чек ара көйгөйлөрү жана чыр-чатактарын белгилешкен.

Чоң-Алай районунун эли менен болгон жолугушууда жеке ишкерлерге салыктардын тарифинин жогору болуусу, алтын кенин иштетүүдө экологиялык коопсуздуктардын сакталбоосу, айыл кыштактарда укуктук маалыматтардын жетишсиздиги, жарандардын турак-жай салуу үчүн жер тилкелерин алууда жана тиешелүү документтерин алуудагы кыйынчылыктар, жарандардын үй-бүлө, жарандык, административдик тартипте чечилүүчү жеке маселелерин белгилешкен. Юристтер тарабынан кайрылган жарандарга, муниципалдык мекеме-ишканалардын өкүлдөрүнө юридикалык кенештер берилип, зарыл болгон мыйзам актыларынын көчүрмөлөрү берилди.

10.05.2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...