Акыркы макалалар

Бүтүрүүчүлөр мектепти шаан-шөкөтсүз аяктайт

Ош шаарындагы орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө акыркы коңгуроо аземин кафе-ресторандарда шаан-шөкөт өткөрүүсүнө, жаратылышта эс алуу уюштуруусуна, унаалар менен шаар кыдырып көңүл ачууга тыюу салынды.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлайым Машрапова маалымдагандай, мындай чечим мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн коопсуздугун сактоо максатында кабыл алынды. Мындан сырткары бул күнү окуучулардын коопсуздугун сактоо милиция кызматкерлери тарабынан камсыз кылынат.

Белгилей кетсек, Ош шаарында жалпы 52 орто мектеп бар, быйылкы жылы 2020 окуучу орто мектепти аяктайт.

АБЫЛКАСЫМ УУЛУ КАНАТБЕК, ОШ

10.05.2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...