Акыркы макалалар

Сариев Кыргызстандын 1 сантиметр жери эч кимге берилбей турганын айтты

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жалал-Абад облусуна иш сапарынын алкагында Ала-Бука районун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Темир Сариев өлкөнүн бүтүндүгүн жана кол тийбестигин сактоо үчүн бардык аракеттер көрүлөрүн убада кылды.

“Биздин өлкөнүн 1 сантиметр жер эч кимге берилбейт. Бул – Президенттин, Өкмөттүн так, ачык позициясы. Биздин колубузда турган документтер бар. Ошонун негизинде гана сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз”, – деди Темир Сариев

Ошол эле учурда Темир Сариев чек ара эки мамлекеттин ортосундагы макулдашуу менен ишке ашарын билдирип, буга этияттык менен мамиле кылуу зарылдыгын белгиледи.

Премьер-министр Темир Сариев чек ара тилкелерин такташуу мселеси эки өлкө ортосундагы макулдашуу менен аныкталган документтерге негизделиши керектигин айтып өттү.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...