Акыркы макалалар

Ташиев: Бизге бийлик эмес, мамлекеттин бүтүндүгү керек

"Бизге бийлик эмес, мамлекеттин бүтүндүгү керек", деп билдирди ушу тапта Аксыда өтүп жаткан оппозициянын тынч митингинде сүйлөп жатып саясатчы Камчыбек Ташиев.

Ташиев элге тынчтык жана ынтымак керек экенин айтып, чогулгандарды чагымчылыкка алдырбоого чакырды.

Милициянын маалыматына караганда, митингде 300дөй адам чогулуп турат, ал эми уюштуруучулар өзүлөрү 1-2 миң адам келгенин айтууда.

Акцияга оппозиция лидерлери Азимбек Бекназаров, Камчыбек Ташиев, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров катышууда.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...