Акыркы макалалар

Индияда «Канжар-2016» кыргыз-индиялык аскер машыгуусу өтүүдө

Индияда «Канжар-2016» кыргыз-индиялык аскер машыгуусу өтүүдө

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 2016-жылга карата башкаруу органдарынын, кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин күжүрмөн даярдоо Планына ылайык, 21-марттан 4-апрелге чейин Индия Республикасынын аймагында кыргыз-индия биргелешкен «Канжар-2016» атайын багыттагы күчтөрүнүн машыгуусу өткөрүлөт. Бул тууралуу КР КК ГШнын басма сөз жана маалымат башкармалыгы билдирди.

Машыгууда Кыргыз Республикасын КР КК Генералдык штабынын 52806 аскер бөлүгүнүн аскердик контингенти тааныштырат.

Эки жума бою кыргызстандык жана индиялык аскер кызматчылары атайын багыттагы бөлүкчөлөрдү тоолуу шарттарда мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү жок кылуу боюнча биргелешкен атайын операцияга киргизүүгө даярдоонун маселелерин иштеп чыгышат.

Биргелешкен тренингдин планы боюнча тактикалык, тоо, аскердик-медициналык, ок атуу даярдыктары боюнча, чабуул учурунда имараттын ичиндеги аракеттердин тактикасы жана экстремалдуу шарттарга кептелгендеги жашоо аракетинин техникалары боюнча практикалык сабактар жүргүзүлөт.

Машыгуунун маданий программасынын алкагында кыргыз аскер кызматчылары өлкөнүн тарыхый баалуулуктагы жерлерин кыдырышат жана кабыл алып жаткан тараптагыларга Кыргызстандын маданияты жана тарыхы тууралуу саякат жасатып маалымат берген чакан экспозиция уюштурушат.

Машыгуу буга чейинки окутуудагы бардык сабактарды практикалык бышыктоолор менен көрсөткөн тактикалык эпизод аркылуу жыйынтыкталат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...