Акыркы макалалар

Эртең оппозиция кеңешүү курултайын өткөрүүнү пландоодо

Эртең, 22-мартта "Эл үнү" оппозициялык кыймылы Аксынын Кербен шаарында кеңешүү курултайын өткөрөт. Бул тууралуу кыймылдын мүчөсү Руслан Бекназаров билдирди. Анын айтымында, жалпы Аксы эли чек арадагы кырдаал боюнча өкмөттөн так маалымат берүүнү талап кылат.

"Учурда Аксы эли Өзбекстан чек арачылары Аксы - Ала-Бука жолун күтүүсүздөн тосуп алганы үчүн эл ачууланып жатат. Ушундай ачуу үстүндө алар чек арачылар менен кагылышып, алар ок чыгарса, эки мамлекеттин ортосунда түбөлүк элдешкис мамиле пайда болот. Мына ошон үчүн "Эл үнү" кыймылынан Аксы эли өзү талап кылып, чек арадагы кырдаал боюнча кеңешүүнү суранууда", - деди Р. Бекназаров.

Ал кошумчалагандай, 22-мартта өтө турган кеңешүү курултайына оппозициячыл саясатчылар А. Бекназаров, К. Ташиев, Б. Асановдор барат. Андан сырткары ЖКнын айрым депутаттары, өкмөттүн өкүлдөрү, чек ара кызматынан барып, элге маалымат беришет.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...