Акыркы макалалар

Ташиев өзүнө эстелик тургузат

Ташиев өзүнө эстелик тургузат

Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнө Камчыбек Ташиев өзүнө эстелик тургузат. Бул тууралуу Марал радиосуна аталган айылдык кеңештик депутаттардын төрагасы Аттокур Сайдаев билдирди.

“Кыргызстандан канча деген эр азаматтарыбызды жок кылган мыйзамдагы ууру Батукаевди коё берип, эл камын ойлогон депутатты камакта калтыруу уят иш. Биз Ташиевди тезинен бошотууну талап кылабыз. Айылдык кеңештин депуттарынын жыйынында Дөөлөтбек Эргешов Ташиевге эстелик коюу сунушун киргизген, ал эми каржылоо тарабы Камчыбек Ташиевдин өзүнөн болот”,- дейт Сайдаев.

Учурда аталган эстеликтин куруу иштери баштала элек.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...