Акыркы макалалар

Тарых жана маданият жылына 1,8 миллиард сом бөлүнөт

Тарых жана маданият жылына 1,8 миллиард сом бөлүнөт

Тарых жана маданият жылын, дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө ушунча акча сарпталарын бүгүнкү өкмөттүн ыкчам жыйынында каржы министри Адылбек Касмалиев билдирди.

Өкмөт бышчы Темир Сариев Тарых жана маданият жылын белгилөөнүн алкагында уюштурула турган иш-чаралардын маанилүү экендигин белгилеп, бюджеттен бөлүнгөн акчаларды натыйжалуу пайдаланылыш зарылдыгын билдирди.

Президенттин жарлыгы менен 2016-жыл Тарых жана маданият жылы деп белгиленген. Анын алкагында Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгы, Үркүндүн 100 жылдыгы, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы, Кыргыз АССРнин түзүлгөнүнүн 90 жылдыгы, Кыргыз ССРринин түзүлгөнүнүн 80 жылдыгы жана ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы уюштурулат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...