Акыркы макалалар

Кыргызстандагы эстеликтердин абалы өтө начар

Кыргызстандагы эстеликтердин абалы өтө начар

Тарыхый эстеликтер аты эле айтып тургандай, элибиздин байыркы маданияты, сыймыгы. Бирок канга сиңген кайдыгерлигибиздин айынан, улуттук уңгубуз, эзелки изибиз болгон тарыхый эстеликтер четинен жок болууда. Мына ушул көйгөйдүү чечүү максатында КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өлкөнүн тарыхый-маданий мурастарын текшерип жатышат. Бул тууралуу аталган министрликтин өкүлү маалымат берди. Он күндүн аралыгында жер-жерлерде райондук маданият бөлүмдөрү менен биргеликте тарыхый-маданий мурас объектилеринин абалын текшерүү үчүн рейд жүргүзүлгөн.

“Рейддин жыйынтыгы боюнча эстеликтердин абалы начар деп аныкталды” , - дейт аталган министрликтин өкүлү.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлүнүн айтымында, мындай текшерүүлөрдүн биринчи гана этабы болуп өттү. Ушундай сыяктуу рейддер жалпы республикадагы аймактарда да жүргүзүлөт.

2013 – жылдын февраль айына алынган маалымат боюнча, Бишкекте 377 тарыхый жана маданий эстеликтер бар. Алардын 30 %ы оңдоого муктаж.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...