Акыркы макалалар

Тажикистан тарап Кыргызстанга электркубатынын кВт/с 3,2 центтен сатып алуу сунушун киргизди

Тажикистан тарап Кыргызстанга электркубатынын кВт/с 3,2 центтен сатып алуу сунушун киргизди

Тажикистан тарап Кыргызстанга электркубатынын кВт/с 3,2 центтен сатып алуу сунушун киргизди.

«Тажикистан тарап Кыргызстанга электркубатынын ар бир 1 кВт/с 3,2 центтен сатып алуу сунушун киргизди», - деп билдирди Кыргызстандын улуттук энергохолдингинин башчысы Айбек Калиев Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылы Кыргызстан тажикистандык электркубатынын 1 кВт/с 2,5 центтен сатып алчу, ал эми бул жылдагы кымбаттатуу Тажикистан электркубатын Афганистанга 3,2 центтен экспорттоп жаткандыгы менен байланыштуу.

«Учурда бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө жана баалар макулдашыла турган болсо Кыргызстан электркубатын импорттоону баштайт», - деп белгиледи А. Калиев.

Ошондой эле анын айтымында, казакстандык электркубатынын баасы да кымбаттады.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин божомолдоолоруна ылайык, өлкөнүн дарыяларындагы суучулдук 2016-жылы орточо эсеп менен 86%ды түзөт жана алдын ала эсептөөлөр менен 650 млн кВт/с түзө турган импорт үстүбүздөгү жылда милдеттүү.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...