Акыркы макалалар

614 мектеп интернетке туташып, информатика сабагынын жаңы стандарттары кирет

614 мектеп интернетке туташып, информатика сабагынын жаңы стандарттары кирет

"Кабар даамында" программасында "акылдуу мектеп" долбоору, мектептерди интернетке туташтыруу маселесин талкууладык. Студиябызга КР Билим берүү жана илим министрлигинин астындагы жаңы маалыматтык технологиялар жана инновациялар комитетинин жетекчиси Лира Самыкбаева келди.

Заманбап мугалим, билимдүү балдар

"Акылдуу мектеп" программасынын максаты, ар кайсы тармактагы долбоорлорду бириктирүү. Эң негизгиси балдардын мектепте алып жаткан билим сапатын жогорулатуу. Азыр көптөгөн чет өлкөлүк донорлор түрдүү долбоорлор аркылуу компьютер, интерактивдүү доскаларды сатып беришүүдө. Бирок аны менен маселе чечилбейт, бул комплекстүү көйгөй. Мисалы, компьютер болгону менен окуй турган материал жок болсо, анын пайдасы жок. Ошону менен катар, мугалимдер жаңы технологияларды колдоно албаса, балдар да үйрөнө алышпайт. Ошондуктан эң биринчиден электрондуу окуу куралдарын жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатууну ишке ашыруу керек.

Интернетке туташтыруу биздин мамлекет үчүн чоң көйгөй экени талашсыз. Айыл жергесинде, китеп жетишпеген жерде, интернет да жетпейт. Ошол себептен бул жагдай этап-этап менен иштелип чыгат.

Биринчи жылга 100 миллион сом каражат бөлүндү. Бул мектептерди интернетке туташтырууга жумшалат. Өкмөт бөлгөн каражаттан тышкары, бир катар банктар да көмөктөшөт.

“Акылдуу мектеп” 4 этаптан турат

Биринчи компоненти, электрондук окуу куралдарын иштеп чыгуу, көбөйтүү зарыл. Азыр жаңы стандарттар иштелип чыгууда. Ага карата жаңы басылып чыккан окуу китептердин сөзсүз түрдө электрондук варианты болсун деген талап коюлууда.

Экинчи бөлүк бул – электрондук мугалим деп аталат. Окуу процессинде маалыматтык технологияларды колдонуу үчүн мугалим квалификацияга ээ болушу шарт. Ал үчүн Бишкекте, Ошто, Ысык-Көлдө атайын институттар бар, жаңы да чылып жатат. Ал жерден 72 саттан окушат.

Үчүнчү бөлүгү, электрондук мектеп деп аталат. Мектептин өзүнүн маалымат мейкиндиги болуп эсептелет. Мисалы интернетке кошуу, компьютер менен камсыз кылуу, электр системасы жана башка инфраструктурасын даярдоо зарыл.

Акыркы бөлүгү, окуучуларга маалыматтык технологияларды өз билимин жогорулатуу үчүн колдоно билүүсүн үйрөтүү зарыл. Социалдык тармактарда эле отура бербей, кантип чет өлкөгө окууга өтсө болот, онлайн курстарды окуп, программисттик курстарды окуп иштеп жатышат.

Информатика сабагынын жаңы стандарттары кирет

Ошондой эле, информатика сабагынын жаңы стандартын киргизүү пландары бар. Азыркы учурда мектептерде информатика предмети 7-класстан тарта окутулат, ошондо да колдонуучу катары гана кирет. Бирок ошол эле учурда, мектепке барбаган балдар интернетти колдонгонду мыкты билишет. Ошондуктан атайын жумушчу топ түзүлүп, Кыргызстандагы эң алдыңкы 19 программист чогулуп, Жаңы Зеландия жана Улуу Британия өлкөсүнүн “Компьютер илими” аталышындагы программасын алып, кыргызстандык балдар үчүн атайын ыңгайлаштырып иштеп чыгышты. Тилекке каршы, ал стандарт министрликтен өтө элек. Ал программа информатика сабагында окуучулар 5-класстан тарта өздөрү кайсы бир программаны жасай билүүсүнө багытталган.

Бирок ушул стандарттар менен окуткан адистер жок болгону көйгөй жаратууда. Мектептерди интернет менен туташтыруу маселесин да чечүү керек.

1-сентябрга чейин 614 мектеп интернетке туташат

Кыргызстанда 2200 мектеп болсо, анын 400ү интернетке кошулган. 1-сентябарга чейин дагы 614 мектеп туташтырылат. Маанилүүсү, интернетти атайын оптикалык кабелдер менен мектептерге жеткирүү. Себеби ал интернеттин тездиги күчтүү, туруктуу жана арзан болот. Ага салыштырмалуу мобилдик интернетти колдонуу сунуштары да түшүп жатат. Бирок анын бир катар кемчиликтери бар. Мисалы, бир каналды жалпы класска колдонууда күчү жетпей калат. Кымбат турат, эгер кийин кеңейтүү керек болсо бардык жабдууларын алмаштыруу кажет болот.

Интернет акысын төлөөдө мектептерге арзандатылган тариф иштелип чыгат

Азыркы күндө үч ири интернет провайдер бар. Алар менен биргеликте алгач оптикага жакын жайгашкан мектептерге туташтырылат. Булар көбүнчө борборлошкон аймактардагы мектептер. Мектептер интернетке туташкан соң, жыл сайын абоненттик төлөмдөрүн төлөшү керек. Бул үчүн министрлик менен операторлор кеңешип, мектептер үчүн атайын арзандатылган тарифтерди иштеп чыгуу планы бар.

Автор: Бахар Хакимова

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...