Акыркы макалалар

Кыргызстанда машина-трактордук станцияларды уюштуруу пландалып жатат

Машина-трактордук станцияларды түзүү абдан керектүү чаралардын бири. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн жыйынында билдиргенин өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

Жыйындын жүрүшүндө Машина-трактордук станцияларды түзүү боюнча буйруктун долбоору талкууланды.

Бул маселе боюнча Айыл чарба жана мелорация министри Турдуназир Бекбоев маалымат берди. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11 миңден ашык айыл чарба субьекттери бар. Аларды ирилештирүү жана айыл чарба кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн машина-трактордук станцияларды түзүү сунушталууда.

Аталган станцияларга лизингге техникаларды берүү, анын үстөк пайызын 9 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөтүү, атайын имараттар менен камсыз кылууга шарт түзүү каралган.

Премьер-министр Темир Сариев айыл чарба тармагында машина-трактордук станцияларды түзүү абдан керектүү чаралардын бири экенин билдирди. "Учурда жергиликтүү бийлик органдары муниципиалдык ишканаларды түзүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Алардын ичинде машина-трактордук станцияларды түзүү зарыл. Келечекте ирилештирилген, адистештирилген чоң мекемелерди түзүү менен дыйкандарга комплекстүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүүгө шарт түзүшүбүз керек. Мындай шарт түзүлсө алардын санын көбөйтүүгө өбөлгө болот. Кызмат көрсөтүүнүн акысы рыноктук баадан арзан болушу керек. Мындай жол менен жарандарыбызга ыңгайлуу кызмат көрсөтүүгө шарт түзүлөт", – деди Темир Сариев.

Жыйындын жүрүшүндө Машина-трактордук станцияларды түзүү боюнча буйрук жактырылды.

Түп нускага шилтеме : www.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...