Акыркы макалалар

Атамбаев: Кыргыз-Россия өнүгүү фонду алдына койгон ишин аткара алган жок

Атамбаев: Кыргыз-Россия өнүгүү фонду алдына койгон ишин аткара алган жок

Кыргыз-Россия өнүгүү фондунун жетекчилигин алмаштыруу кажет. Бул тууралуу 12-мартта журналисттерге Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев билдирди. Анын айтымында, жетекчилик аларга тагылган үмүттү актай албады.

"Бул каражаттар өткөн күздө эле иштетилиши керек элек, алар азыр дагы кажет жана жайга карата иштетилип калышы зарыл. Мен бул тууралуу өкмөт башчыга бир канча ирет айттым. Ишкерлерге берилген насыяларды жарым миллиард доллардан бере албасак дагы 300-400 миллион доллардан беришибиз керек, ошондого гана биз экономикалык жылыш жасай алабыз",-деди Атамбаев.

"Фонддун жетекчилиги алдына койгон тапшырмаларын аткара алган жок, бирок биз азыр кайсы жол менен барууга тийиш экенибизди айттык. Фермелер, ишкерлер жеткиликтүү насыя алгандай кылышыбыз керек. Бул каражаттар кайра Россияга кайтарылыш үчүн эмес, өткөөл мезгилде ишкерлерге жеткиликтүү насыя бериш үчүн бөлүнгөн",-деп белгилди президент жана бир нече айдын ичинде ишкерлерге бериле турган насыя бир канча эсе жогорулай турганын кошумчалады.

Мамлекет башчысы 2009-жылы насыя берүү 240 млн сом болсо, өткөн жылы бул сумма 4 млрд. долларга жакын болгонун маалымдады. Президенттин айтымында, быйыл бул сумма эң аз дегенде эки эсе жогорулайт.

Түп нускага шилтеме : www.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...