Акыркы макалалар

Кадамжайдагы Шамбесай алтын өндүрүү кенин тезирээк ишке киргизүү зарыл

Кадамжайдагы Шамбесай алтын өндүрүү кенин тезирээк ишке киргизүү зарыл

Кыргыз Республикасынын премьер - министри Жантөрө Сатыбалдиев Баткен облусунун Кадамжай районунун жаңы акими Акрамжан Мадумаровду кабыл алды. Ж.Сатыбалдиев акимди жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кадамжай районунун да башка райондору сыяктуу эле чоң өнүгүү келечеги бар экендигин белгиледи. Премьер - министр Кадамжай сурма, Айдаркен сымап комбинаттарынын, Кызыл - Кыя цемент заводунун иштешинин маанилүүлүгүн жана бул өндүрүш ишканаларынын продукциясынын көлөмүн жогорулатуу зарылчылыгын белгиледи. Ж.Сатыбалдиев мындан тышкары, Кызыл - Кыя машина куруу заводун жандандыруу боюнча жигердүү иш жүргүзүү керектигин жана Шамбесай алтын өндүрүү кениндеги ишти тезирээк баштоону белгиледи.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...