Акыркы макалалар

“Сүйлөгөн шаар” жана укпаган коом

Бизде майыптыгы бар адамдар аттуу мусаапыр катмар бар. Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө алардын расмий жалпы саны 168 миң киши. Бул бир чоң райондун калкы. Эмне үчүн биздин баш калаабызда майып адамдар анда-санда бир көрүнсө көрүнөт, көрүнбөсө дегеле жок?

Анткени алардын баары үйүндө. Аларды азыр коом унуткан, мамлекет унуткан, бийлик унуткан. Майыптыгы бар адамдар тууралуу мыйзамдар жок эмес. Кудайга шүгүр, бар. Бирок аларды аткарган да, аткарайын деген да адам аз. Эң негизгиси – майыптыгы бар мекендештерибиздин муктаждыктарын түшүнгүсү келген коом жок. Бүгүнкү жиниккен дүйнөнүн шарында баарыбыз тең алды-артыбызды карабай эле жүгүрүп баратабыз, майыптарыбыз кантти, биз менен кошо келатабы же калдыбы калган жеринде, аны ойлогонубуз аз.

Ал эми адамды сыйлаган коомдо, биринчи кезекте мусаапырынын камын жеп, алардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн алты саны амандар менен теңөө менен алек болот экен. Өнүккөн мамлекеттерде чөнтөк телефону чыккандан бери майыптар үчүн “сүйлөгөн шаар” деген система ишке кирген. Аны өнүгүп келе жаткан өлкөлөр да кеңири жайылтып, анын зарылдыгын да, маанисин да түшүнө баштады. Бизге көбүрөөк түшүнүктүү болгон Россиянын да бир катар шаарларында бул жаңылыкка калк кадыресе көнүп калган.

Анын мааниси майыптыгы бар адамдарды бирөөдөн көз каранды кылбай, коомдук турмушка өздөрү аралашуусу үчүн кам көрүү. Мисалы, ар бир көзү азиздин колунда чөнтөк телефону сыяктуу спутник аркылуу тейленген аппараты болот. Ага түздөн түз байланышчу түйүндөр коомдук транспорттун аялдамаларында, автобустар менен троллейбустарда болот. Майып адам анын жардамы менен аялдаманы өзү таап келет, аппарат майыпка жакындап келаткан автобустун номерине чейин айтып берип турат. Ал турсун транспорттун эшиги ачылып жабылганын, эшикке чейин канча кадам экенине чейин биле алат. Майып адамдын автобуска түшкүсү келип жатканын өзүндөгү түйүн аркылуу автобустун айдоочусу да билип, ал ичкери киргенден кийин гана айдап жөнөйт. Майып адамдын аппаратына байланышкан үн чыгаргыч жабдуулар жолдун жөө жүрүүчүлөр өтчү жерлерине, негизги социалдык тейлөө жайларынын, коомдук имараттардын кире бериштери менен коридорлоруна жана башка зарыл жерлердин баарына орнотулат.

Кыскасы, көзү азиз адам бирөөнүн жардымысыз эле өз алдынча коомдук транспортко түшүп, азык-түлүк дүкөнү, аптека, кир жуугуч жай, оорукана, мамлекеттик мекемелер сыяктуу жайларга барып келе алат. Коомдук транспорттун айдоочулары ошондой радио байланыш аркылуу коляскачан, балдакчан майыптарды да тейлей алат. Бүгүнкү күндүн техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен буга дегеле чоң каражат кетпейт. Андай радиокабылдагычтар азыр айрымдардын итинин мойнунда жүрөт.

Бишкектеги 120 маршрутту тейлеген 2,5 миң микроавтобустун бири да майыптыгы бар адамга ылайыкташкан эмес. Аларды пайдалануу боюнча шаардык бийлик жыл сайын тендер өткөрөт, бирок майыптыгы бар адамдардын муктаждыктарын аларга байлоо эч кимдин оюна да келбейт. Ал эми коляскачан майыптын коомдук транспортко түшүүсү кандай болоорун бизде элестете алган адам да жокко эсе.

Бишкектеги 260 светофордун 5 пайызы гана майыптыгы бар адамдар үчүн үн коштогучу менен жабдылган. “Сүйлөгөн шаар” системасында болсо майып адамдын колундагы аппараты светофордун кайсы жарыгы күйгөнүн, иштебей калса иштебей калганына чейин айтып турат.

Азыр эптеп-септеп пандустарды – тепкичтердин жанындагы коляскага ылайыкталган жолчолорду орнотуу башталгансыды. Андан майыптар эле эмес, коляска түрткөн балалуу аялдар, кары-картаңдар, велосипедчендер, жүк ташыгандар да пайдаланышы турган иш го. Бирок, курулуп жаткан жайларды мамлекеттик кабыл алууну же пайдаланууга уруксат берүүнү ушул муктаждыкка байлап, маселени жарым тыйын коротпой чечүү азырынча көпчүлүк бийлик эгелеринин оюна келе элек.

Өткөн жылдын октябрында Бишкек мэриясынын имаратынан алдында майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоонун республикалык тармагы “Мүмкүнчүлүк түзгөн шаар” аттуу кайрымдуулук акциясын өткөрүп, мэриянын жана өлкөнүн чиновниктерин ушул ишти баштоого чакырууга аракет кылышкан. Азыр өлкөнүн 7-конституциясы, 4-президенти, 23-премьер-министри, 5-парламенти, Бишкектин кезектеги мэри иштеп жатат, бирок Бишкек Акаев менен Бакиевдин мезгилиндегидей эле мүмкүнчүлүк түзүлбөгөн шаар бойдон калууда деп белгилешкен акциянын катышуучулары. Эл аралык донорлордун айрым соттордун имараттарын майыптарга ылайыкташтырганын эске албаганда абал андан бери деле өзгөргөн жок.

Көзү азиздердин бирөөнүн жардамы жок өз алдынча жол табышы ар бир учурда учкучтун аварияга учураган самолётту кондуруусу менен барабар экенин ар бирибиз, айрыкча бийлик эгелери түшүнмөйүнчө, майыптыгы бар мекендештерибиз коомдук турмушка заманбап аралашмайынча биз эч качан адам сыйлаган коом боло албайбыз.

Бул материал БУУӨПтүн «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорлорунун алкагында даярдалды.

Кабар, 04.03.2016-ж.,

http://kabar.kg/kyr/society/full/71660

Түп нускага шилтеме : kg-law.journalist.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...