Акыркы макалалар

Баткен казыятынын басма сөз кызматы суроо-жооп долбоорун баштады

4- марттан тарта Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы тарабынан суроо-жооп долбоору старт алды. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын коргоо кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу, элибизге ханафий мазхабынын негизинде туура диний маалыматтарды интеллектуалдык жактан жайылтуу максатында уюштурулуп, суроолор Баткен казыятынын facebook баракчасынан, ар аптанын жума күнү берилет. Суроо-жооп долбооруна бардык Кыргызстандын жарандары катыша алат.

Долбоордун шарттары төмөндөгүчө: Биринчи болуп жооп берген, бир гана адам жеңүүчү аталат. Бир адам бир канча жолу жеңүүчү боло албайт. Жеңүүчүлөр белектерин Баткен шаары Сайдиман ажы көчөсү Баткен облустук мусулмандар казыятынан ала алышат. Ошондой эле шартка байланыштуу жеңүүчүнүн жакын адамдары анын атынан белегин алса болот.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...