Акыркы макалалар

Депутаттар оң рулдуу таксилердин мөөнөтүн 4 жылга узартышты

Депутаттар оң рулдуу таксилердин мөөнөтүн 4 жылга узартышты

Мыйзам долбоору президентке жөнөтүлдү. Эгер ага кол коюлса оң рулдуу таксилерге 2020-жылга чейин айып пул салынбайт.

Жогорку Кеңештин депутаттары оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта 2020-жалга чейин пайдалануу боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырышты.

Чечим парламенттин бейшемби күнкү отурумунда кабыл алынып, мыйзам долбоору президентке жөнөтүлдү.

Оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта пайдаланууга тыюу салуу боюнча мыйзам 2013-жылы кабыл алынып, быйыл 1-январдан тартып күчүнө кирмек. Калк арасында "элге каршы" деп аталган бул мыйзамда айып пул чегерүү каралган эмес.

Бүгүн кабыл алынган мыйзамды КСДП фракциясынан депутат Иса Өмүркулов демилгелеген. Ушундай эле документти анын кесиптеши Алтынбек Жунус уулу да киргизген. Бул эки долбоорду бириктирүү чечими кабыл алынган.

Демилгечилер буга чейин оң рулдуу унааларга дароо эле тыюу салууга мүмкүн эместигин айтышкан. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, оң рулдуу таксилердин айдоочуларын жазага тартуу механизмдери иштелип чыкпагандыктан ИИМ мындай унааларга тыюу сала албайт.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...