Акыркы макалалар

Казакстанда 117 мектеп үч тилдүү окутуу системасына өткөрүлдү

Казакстанда 117 мектеп үч тилдүү окутуу системасына өткөрүлдү

Казакстанда 117 мектеп үч тилдеги окутуу системасына өткөрүлдү. Анын алкагында 63 миңдин тегерегиндеги окуучулар билим алат. Бул өлкөдөгү окуучулардын жалпы санынын 2% эле түзөт.

Маалым болгондой Казакстан мектептери 2023-жылдан тарта үч тилдүү билим берүү системасына толугу менен өтөөрү буга чейин эле айтылган. Учурда алгачкы этаптап башталган. Бул тууралуу билим берүү боюнча вице-премьер-министр Такир Балыкбаев брифинг учурунда маалымдаган. Балыкбаев белгилегендей, мектептерде англис тилинин сааттары көбөйтүлгөн. Ошондой эле Казакстан тарыхы сөзсүз казак тилинде, дүйнөлүк тарых орус тилинде окутулат. Ал эми химия, физика, биология, математика сыяктуу так илимдердин баары англис тилинде өтүлүүсү шарт.

Графикке ылайык, 2022-23-окуу жылында казак-түрк лицейлери, эл аралык мектеп, гимназиялар толугу менен англис тилдеги окутуу системасына өтөт. Ал эми 2023-24-окуу жылында жалпы орто мектептердин да негизги окутуу системасы англис тилине өткөрүлөт.

Ал эми казак жана орус тилдери англис тилинен кийинки баскычта окутулат. Маалым болгондой, учурда Казакстанда мектептер негизинен орус жана казак тилинде окутушат. Ал эми айрым атайын мектеп же эл аралык лицейлерде гана англис тилинде сабактар өтүлүп келген эле.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...