Акыркы макалалар

Бишкекте акын М.Абылкасымованын чыгармачылыгына арналган кече өтөт

Үстүбүздөгү Тарых жана маданият жылында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КР Жазуучулар Союзу жана Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын жана жазуучу айымдардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулайт.Бул тууралуу коомдук фонддон билдиришти.

Мындай кеченин алгачкысы Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Майрамкан Абылкасымованын чыгармачылыгына арналат. Ал 2016-жылдын 4-мартында, Аялдардын 8-март Эл аралык майрамын утурлап , Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын кичи залында өтөт.

М.Абылкасымованын эң алгачкы ырлар жыйнагы «Кичинекей досторума» деп аталып, ал 1961- жылы жарык көргөн. Ал эми 1965 жылы «Ушул жазда гүлдөр көп» поэтикалык китеби , 1968-жылы Улуу Ата Мекендик Согуштагы жоокерлердин фашистик баскынчыларга каршы эрдигин даңазалаган «Ишенимди жүрөгүмдө сактайм» ырлар жыйнагы басылып чыккан.

Акындын ырлары орус, украин, казак, англис, француз, монгол жана болгар тилинде жарык көргөн.

Поэзия кечесинде М. Абылкасымованын ырлары жана алардын тарыхы, чыгармачыл баяны өзүнүн жана шакирттеринин айтуусунда аткарылат. Ошондой эле Акынга арналган замандаш калемдештеринин ырлары, акындын сөзүнө жазылган обондуу ырлар жаңырмакчы.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...