Акыркы макалалар

Issyknews. Чолпон-Ата, Бостери жана Каракол “Жылуулук камсыздоо” ишканаларына кылмыш иши козголду

Чолпон-Ата, Бостери Каракол жана Нарын “Жылуулук камсыздоо” ишканалары бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануунун натыйжасында, мамлекетке 1 млн 180 миң сом келтирилген зыянына карата кылмыш иши козголду. Бул туурасында экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын, Ысык-Көл-Нарын облустары боюнча башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык иш каналар «ФИНЕКС» Аудит компаниясы менен келишим түзүшүп, кызмат абалынан пайдалануу, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген келишимдерди түзүү, бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу болгон: «Кылмыш иши Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан КР Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамкызматтын Ысык-Көл-Нарын облустук башкармасынын материалдарынын негизинде КР Кылмыш кодексинин 304, 308-беренелери боюнча иш козголду. Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүүдө. Учурда ишканаларга КР кылмыш кодексинин 304, 306 - беренелери боюнча, кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.”-дейт башкармалыктан.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...