Акыркы макалалар

Быйыл Бишкек-Нарын-Торугарт жолу толугу менен бүткөрүлөт

Бишкек-Нарын-Торугарт жолу быйыл толугу менен бүткөрүлөт. Мындан сырткары Түштүк-Түндүк альтернативалуу жолу 2017-жылы аяктамакчы, ошондой эле, быйыл Кара-Кече кенинде жылуулук борборун куруу боюнча тендер өткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев Нарын районунда жергиликтүү тургундар менен жолукканда билдирген.

«2016-жылга абдан амбициялуу пландар бар. Дүйнөлүк кризис уланып жаткан шарттарда бул пландарды аткаруу үчүн баарыбыз бирге аракет кылышыбыз керек. Алдыбызда азыркы учур талап кылган көптөгөн иштер турат. Аларды ишке ашыруу үчүн мыйзамды жана тартипти так сактообуз керек. Аткаруу бийлигине карата тартипке салуу боюнча талаптар күчтүү», – деди Сариев.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...