Акыркы макалалар

Екатеринбургда теракт уюштурууну пландап жүргөн кыргызстандыктар колго түшүрүлдү

Екатеринбургда теракт уюштурууну пландап жүргөн 7 кыргызстандык колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Европа-азиялык иликтөөлөр борборунун директору Андрей Русаков шаршемби күнү «Евразия чөлкөмүндөгү саясий абал» тегерек столунда билдирди.

«Екатеринбургда «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмунун 7 мүчөсү кармалган. Алар соода борборун жардырууну пландап жүрүшкөн. Тилекке каршы, алар Кыргызстандын жарандары болуп чыгышты, улуту өзбек, бирок кыргызстандыктар», - деди А. Русаков.

«Терроризм коркунучу темасы көптөгөн мурдагы совет өлкөлөрү үчүн актуалдуу, алардын арасында Кыргызстан да бар», - деди эксперт.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...