Акыркы макалалар

Бүткүл дүйнөлүк II көчмөндөр оюну өтүүчү ат майдан эл аралык стандартка ылайык курулат

Бүткүл дүйнөлүк II көчмөндөр оюну өтүүчү ат майдан эл аралык стандартка ылайык курулат

Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КРнын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Турдубек Мамбетов билдирди.

Анын айтуусунда, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтүүчү Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы 7 миң адам батуучу ат майдан реконструкцияланып, 10 миң орунга ылайыкташтырылып кайра курулат. Ошондой эле, эл аралык мелдеш башталган учурда автомашиналардын тыгынын болтурбоо үчүн ат майдандын биринчи кабаты 1235 жеңил автомашина, 26 автобус бата турган токтотуучу жай болот. Ал эми экинчи кабатта калыстар отуруучу VIP кабиналар курулат.

Мындан тышкары санузел, кафе жана башка керектүү курулуштар болот. Ал эми конкурстук комиссиянын жыйынтыгы менен объектинин башкы демөөрчүсү болуп “Грант-проект” ЖЧКсы, башкы подряддык уюм болуп “Азат” корпорациясы тандалып алынган.

“Бүткүл дүйнөлүк II көчмөндөр оюну өтүүчү ат майдан кийин да ар кандай спорттук жана башка иш чараларды өткөрүүчү имарат катары пайдаланылмакчы. Себеби Бостери айылында жума сайын дем алыш күндөрү өтүүчү жарманкелер борбордук аянтта болуп, автотыгынды жаратып келет. Ат майдандын аянты кеңейтилип, көп функционалдуу болуп курулгандан тышкары жанына “Газпром” компаниясы 700 орундук спорттук комплекс куруп жатат”,- деди ал.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...