Акыркы макалалар

КОЖОКЕЛЕҢДЕ БАЛДАР БОЗ ҮЙЛӨРДӨ ОКУП ЖАТЫШАТ

Кара-Cуу районунун Кожокелең айылына караштуу Султан Ибраимов атындагы орто мектептин окуучулары кыш мезгилинде боз үйдө жана жеке турак жайларда окуп жатышат. Шартка жараша бир отургучта экиден, ал эми бир партага төрттөн тыгылып отуруп билим алышууда.

Султан Ибраимов атындагы орто мектеп авариялык абалга кептелип, былтыр эле курулушу башталган. Тилекке каршы, каражаты жок, токтоп калды. Бу кебетесинде быйыл дагы билим журту бүткөрүлүп, пайдаланууга тапшырылышы күмөн.

Боз үйдө окуп жатышкан окуучулардын көйгөйү жөнүндө тиешелүү жетекчилерге кайрылдык эле, ийин куушуруп гана кутулушту. А түгүл айрымдары мектептин курулушу башталгандыгын билбей тургандыгын ачык эле моюндашты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ

Түп нускага шилтеме : aymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...