Акыркы макалалар

“Аль-Жазира” телекомпаниясын Кыргызстанда өтө турган Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну кызыктырууда

“Аль-Жазира” телекомпаниясын Кыргызстанда өтө турган Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну кызыктырууда

14-февралда Доха шаарында КРнын Катар мамлекетиндеги элчиси Нуран Ниязалиев “Аль-Жазира” медиа-тармагынын башкы директору Мостефа Соуаг менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга аталган медиа-тармактын бир катар бөлүмдөрүнүн башчылары катышып, Кыргызстан менен эл аралык телекомпаниянын ортосундагы кызматташтыктын мүмкүн болгон багыттары, тажрыйба алмашуу, кыргызстандык журналисттердин такшалмасын уюштуруу маселелери талкуулашты.

“Аль-Жазиранын” жетекчилигине үстүбүздөгү жылы боло турган Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну тууралуу толук маалымат берилип, аталган иш-чараны медиа-холдингдердин каналдарынан көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды. “Аль-Жазира” медиа-тармактын башкы директору Кыргызстанда өтө турчу көчмөндөр оюнуна кызыгып, мындан ары кызматташтыкка даяр экенин белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар келечекте жолугушууларды уюштуруу менен байланышты бекемдөөнү жөнгө салууга макулдашты.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...