Акыркы макалалар

Быйыл дүйнөнүн 6 өлкөсүндө Кыргызстандын маданият күндөрү өткөрүлөт

Бүгүнтөн баштап 20-февралга чейин Кувейт борбору Эль-Кувейт шаарында Тарых жана маданият жылына карата Кыргызстандын маданият күндөрү өтмөкчү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов билдирген. Маалыматка ылайык, аталган иш-чарада фольклордук-этнографиялык топтун таланттары, ырчы-бийчилер өз таланттарын көргөзүшөрүн билдирген. Ал өз сөзүндө кыргыздардын маданият күнүн ушул жылы 6 мамлекетте өткөрүү планы бар экенин жашырган жок. Ошондой эле бул иш-чаранын бирден-бир максаты туристтердин Кыргызстанга болгон кызыгуусун арттыруу экенин айтты.

Эске сала кетсек, 2016-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгынын негизинде Тарых жана маданият жылы деп белгиленген.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...