Акыркы макалалар

Кыялыңды ишке ашыруу үчүн тилектеш адамдар команда болушу керек

Кыялыңды ишке ашыруу үчүн тилектеш адамдар команда болушу керек

Кыялыңа жетүүдө өзүң жалгыз барсаң кыйын болот, бирок мен команда менен иштешип, ушул 24 жаш курагымда, китеп жазууга жетише алдым. Кайсы бир ишти баштоодо “инвестор болсо, миллионер болот элем” деп ойлойбуз. Бирок демөөрчүнү күтпөй эле чакан нерседен баштоо керек. Ошондой эле, ийгиликке жетүү үчүн жогорку окуу жайын бүтүп, диплом алууну күтпөй студент кезден баштоо зарыл.

"Кабар даамында" уктуруусунда Данияр Назаралиевдин "Мүмкүнчүлүк китепте" аталышындагы алгачкы эмгеги тууралуу сөз кылдык.

21-кылымда лидер болуу оңой

“Мүмкүнчүлүк китепте” аталышындагы китеп жаштарга арналып жазылды. Себеби мен сүйлөгөн сөздөрдү жаштар оңой түшүнөт. Жаштар окуп жүргөндө лидер болуу, ийгиликтүү адам болуу оюбуз болот. Бирок ал үчүн окууну бүтүп, диплом алганды күтүп жүрбөй окуп жүргөндө баштоо керек. Башкача айтканда, убакытты туура пайдалана билүү зарыл. Мен убакыттын бардык системасын изилдебесем да өз тажрыйбамдан жаздым.

Андан тышкары, 21-кылымда лидер болуу оңой эле. Адамдар менен тил табышып, команда менен иштешип, тил үйрөнүп, билим, тажрыйбаны көбөйтсөң лидерлик сапаттарды да өстүрө аласың.

Ошондой эле, команда менен иш алып баруу боюнча ойлорумду жаздым. Себеби 4 досум менен биргеликте 3 жыл мурун “Лидер” жаштар клубун негиздегенбиз. Аймактарда да филиалдары бар.

Ишенбай Абдыразаков агайымдын сөзү таасир берди...

Студент кезимде 40-50 жашка келгенде китеп жазам деген кыялым бар эле. Кыялыңа жетүүдө өзүң жалгыз барсаң кыйын болот, бирок мен команда менен иштешип, ушул 24 жаш курагымда, китеп жазууга туура келди. Элдин мага ишенүүсү, “сен мыктысың, сен алдыда болушуң керек” деген сөздөрү да шык берди. Коомдук ишмер Ишенбай Абдыразаков агайым Бишкек гуманитардык университетинде иштечү, андан көп насаат-кеңеш алып турчу элем. Ал киши биздин команда менен жолукканда мен ага тарыхый китеп белек берсем, “өзүңдүн китебиңди жазсаң алам”- деп кайра кайтарган. Андан 3 күн өтпөй агайыбыз бул дүйнө менен кош айтышты. Ошондо агайдын сөзү катуу таасир берип, өзүмө максат койдум. 2014-жылы август айында бир ай убакытта китебимди жаздым.

100 китеп окуганча бир китептен алган маалыматты иш жүзүндө колдоно билели

Лидердин сапаттары – адамдар менен ачык, чын көңүлдөн мамиле куруу керек. Коомго, жаныңдагы досторуңа пайдалуу болуу шарт. Команда менен иштешүүдө да мен ушул сапаттарды колдонуп келем.

Китепти окуганда эмне үйрөнгөнүңдү иш жүзүнө ашыруу керек. Мисалы мен, көп китеп окуйм бирок айрымдарынын авторун байкабай да калам. Сыртын окуганда эле, пайдалуу болсо дароо баш-отум менен киришип кетем. Убакыт тууралуу китеп окудум, ошол эле замат практика жүзүндө колдондум. Лидерлик сыпаттардын ичинде корккон нерсеңди аткар дегени бар. Мен да команда менен иш алып барууда, өзүмдүн ичимдеги корккон нерселеримди жеңүүгө аракет кылам.

Адам өзүн-өзү өнүктүрүүдө терс сапаттарын жоюуга аракет жасашы керек. Мисалы, эң эле жөнөкөй, пландалган жериңе кечикпей баруу. Сабакка кечикпөө, жоопкерчиликти сезе билүү бул өтө маанилүү.

Жаштар китеп окубаганы туура. Ага мен да кошулам. Себеби азыр интернет жакшы өнүккөн, маалыматтар да көп. Бирок китеп окууда артынан кууп окуган деле туура эмес, күнүнө 10-20 пайыз окуса жетиштүү. Болгону алган маалыматы тууралуу ой-пикир алмашуу жакшы пайда берет. Өз китебимди жазууда бардык маалыматтарды өз тажрыйбамдан алып жаздым.

Айылдагы жаштар өзүн өнүктүрүүгө ынтызар

Бүгүнкү күндө айыл-аймактарда семинарлар такыр өткөрүлбөйт. Жаштар ал эмне экенин да билишпейт. Бирок ааламга кеткен жол айылдан башталгандай, айылда өзүн өнүктүрүүгө кызыккан жаштар көп. Биздин “Лидер” жаштар клубу семинарларды өтүп барсак, өтө көп суроолор менен кайрылышат. Биз жакынкы убактарда дагы барып, тренингдерди өтөбүз. Ошондой эле, башка ийгиликтүү адамдарды чакырып, тажрыйбалары менен бөлүшүүсүн өтүнөбүз.

Күлкү болгондон намыстанбай аз нерседен баштоо керек

Азыркы учурда ар бир инсандын оюнда бизнес жүргүзүү тууралуу долбоору, гениалдуу идеялары бар.Бирок аны баштоодо “инвестор болсо, миллионер болот элем” деп ойлойбуз. Негизи демөөрчүнү күтпөй эле чакан нерседен баштаса болот. Мен мектепти бүтүп, жогорку окуу жайга тапшырганда контракка акча табуу, кийим-кечегимди өзүм сатып алуу үчүн бирөөнүн колунда иштеп баштадым. Экинчи жылы кайра эле акча табыш керек болду, бирок буга чейин чогуу иштешкен адамды таппай калдым. Коркуу деле болгон жок, мурунку алган тажрыйбамдан 20-30 пайыз эсимде калыптыр, ошону колдонуп жеке ишимди баштадым. Анда да базарда чакан столго соода кылып, окуу башталганча иштедим. Контрагыма акча тапкан соң, өзүмдү жеңүүчү катары сездим. Себеби мен экинчи жылы да окуума, кийим-кечегиме өзүм иштеп акча таптым. Демек, 50 сомду 100 сом кылып көбөйтүп, майдадан баштоо керек. Азыр жаш кезде күлкү болгондон корккон болбойт. Кийин досторуңдун тоюнда миң сом чыгара албай уялгандан көрө, азыртан намысты коюп, тартынбай аракет кылсак, кийин сөзсүз жемишин көрөбүз.

Билимдүүгө дүйнө жарык

Ата-энебиз бизге окугула деп мүмкүнчүлүк берип жатса, колдонолу. Себеби башка мамлекеттерге чыкканда кара жумушта иштеп жүргөн кыргыз жаштарын көрүп сураштырсам, окууга мүмкүнчүлүк болбогонун айтышат. Ошондуктан мүмкүнчүлүктү колдонуп ата-энебизге ыраазычылык билдирели. Биздин жигиттер кесипти, жубайды тандоодо адашпаса ийгиликтүү инсандардан болушат деп ишенем.

Автор: Бахар Хакимова

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...