Акыркы макалалар

Бокс: Д.Шопоковдун турнири келечекте лицензиялык мелдешке айланат

Бокс: Д.Шопоковдун турнири келечекте лицензиялык мелдешке айланат

Бишкекте Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык турнир өтүүдө.

3-февралда башталган таймаштарга 10 өлкөдөн 136 спортчу катышууда. Анын ичинен Алжирдин, Ирактын, Бириккен Араб Эмираттарынын мыкты мушкерлери биринчи жолу катышууда. Жалпысынан Кыргызстан курама командасы менен 11 мамлекеттин боксчулары күч сынашууда.

Спорт агенттигинин өкүлү Канат Арпачиевдин айтымында, Д.Шопоковдун мелдеши жөн эле эмес, деңгээли жогору болгондуктан 10 өлкөнүн мушкерлери келип олтурат. Ошондой эле, кыргыз мушкерлери бул эл аралык турнирдин аркасы менен өсүп, өнүгүп чоң тажрыйба алууда. Жылдын башында башталган бокс мелдеши күйөрмандары үчү майрам экендигин баса белгиледи.

Спорттун бул түрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов билдиргендей, бул бокс мелдеши алдыдагы олимпиада оюндарына карата лицензиялык турнирлерге даярдык көрүү болуп саналат. Анын айтымында, март айында Кытайда олимпиада оюндарына жолдомолук мелдеш өтөт.

Кыргызстандын атынан курама команданын мүчөсүндөгү мушкерлер гана катышып жатат. Анткени атаандаш өлкөлөрдөн олимпиадага жолдомо алган жана дүйнөлүк мелдештин катышуучулары келишкен. Ага карата Кыргызстандан да жалаң күчтүү боксчулар таймашууда.

Эске сала кетсек, Ирактын, Алжирдин, Бириккен Араб Эмираттарынын командалары Бишкекке эрте келип, Кыргызстандын курама командасы менен бирге окуу машыгуудан өтүштү.

Буга карата башкы машыктыруучу Адылхан Бекболотов өкмөткө каражат сурап кайрылган. Бирок өкмөт тарап шарт түзүп берген эмес. Ага карабай уюштуруучу топ өздөрүнүн каражат-күчү менен жеке машыгуучу жайларда даярдык көргөн. Анткени агенттиктин алдындагы бокс залынын абалы талапка жооп бергидей болгон эмес.

КРнын бокс федерациясынын президенти Абдибакыт Халмурзаев спорттук иш-чара эл аралык деңгээлде уюштурулуп жаткандан кийин чоң максаттарды көздөйт. Анын ичинде келечекте өсүп келе жаткан жаш өспүрүмдөрдү спорттун бокс түрүнө тартуу жана аларга тажрыйба үйрөтүү максаты да бар.

Д.Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш AIBA расмий таймаштарынын катарына киргизилген. КРнын бокс федерациясынын президенти Абдибакыт Халмурзаевдин пикиринде, AIBAнын тизмесине киргизүү оңой болгон эмес. Бирок кийинчерээк бул мелдешти олимпиада оюндарына жолдомого ээ боло турган турнирге жеткирүү максаты бар.

Маалыматка ылайык, бир катар дүйнөгө белгилүү мушкерлер дал ушул Д.Шопоковдун эл аралык мелдешинен чыккан. Мисалы Кыргызстандын жана Орусиянын жарандыгын алган дүйнө чемпиону Андрей Курнявка, Казакстандык “AIBAнын” вице-президети Серик Конакбаев жаш кезинде Шопоковдун турнирине катышып, чемпион болгонун төмөндөгүчө айтат:

“Биз бала кезибизде ушул мелдешти көп самачубуз. Анткени бул турнирди уткандар спорт чебери наамын алышат. Ошондуктан ушундай ири беттешти өткөрүү Кыргыз мамлекетинде бокс жогорку деңгээлде экендигин көрсөтүп турат. Карап көрсөк, алыстан боксчулар келиптир. Шопоковдун турнирине жөнөкөй эмес, күчтүү делген спортчулар чогулуп, өнөрлөрүн тартуулашат”.

Кошумчалай кетсек, жарым финалдык күч сынашуулар бүгүн болуп өттү. Эртең, 7-февралда жеңүүчүлөр аныкталат. Дүйшөнкул Шопоков атындагы эл аралык таймаш быйыл ушуну менен 39-жолу өткөрүлүп жатат.

Автор: Илгиз Жамалбеков

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...