Акыркы макалалар

Кургак учук менен ооругандарга камкордук көрүлгөн эмес

Ош облустар аралык кургак учукка каршы күрөшүү борборунда ачык жана жабык формадагы кургак учук менен ооруган бейтаптар бир бөлмөдө жатышат жана оорулууларга тиешелүү шарттар түзүлгөн эмес.

Бул тууралуу аталган оорукананы текшерүү учурунда маалым болду деп билдирет өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы. Билдирүүдө маалымдалгандай, кургак учук менен ооруган жарандарга материалдык жардам көрсөтүү максатында жергиликтүү бийлик тарабынан жалпы 345 миң сомдук жардам көрсөтүлгөнү менен бул көрсөткүч бейтаптардын жол акыларын төлөөдө 68,6 пайызды гана түзгөн.

Мындан сырткары, ВИЧ СПИД илдетин аныктоодо кээ бир лабораторияларда так эмес анализдер чыккан жана райондордо ВИЧ СПИД оорусун жуктуруп алган жарандарды аныктоодо кемчиликтер орун алгандыгы текшерүү учурунда маалым болду.

Буга байланыштуу облустар аралык кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору Акыл Байсаловго жана облустук СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун директору Элмира Нарматовага ишинде кетирген кемчиликтери үчүн сөгүш жарыяланды.

НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА

26.04.2013, №16

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...