Акыркы макалалар

«Жалал-Абад сулуусу - 2013» сынагынын тандоо туру өтүүдө

Жалал-Абад шаарында кыздар арасында өтө турган «Жалал-Абаддын сулуусу - 2013» сынагынын тандоо туру жүрүп жатканын «Элет жаштары» коомдук бирикмесинен билдиришти.

Маалымдалгандай, аталган сынакка 16 жаштан 24 жашка чейинки, бою 175 см. жогору, сырткы сулуулугуна ички жан дүйнөсүнүн сулуулугу төп келген жаш кыздар катыша алышат. Сулуулар сынагы үстүбүздөгү жылдын 19-майында облустук Барпы театрында өткөрүлөт. «Жалал-Абаддын сулуусу - 2013» сынагынын жеңүүчүлөрүн баалуу сыйлыктар күтүп турат.

АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД

26.04.2013, №16

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...