Акыркы макалалар

Alphabet корпорациясы Apple компаниясын артта калтырды

Alphabet корпорациясы Apple компаниясын артта калтырды

Alphabet корпорациясы Apple коимпаниясын ашты. Бул туурасында РИА жазып чыкты. Google компаниясына таандык болгон Alphabet дүйнөдө эң кымбат компания болду. Рейтинг боюнча Apple 535 миллиард доллар болсо, Alphabet 568 миллиард долларга жетти.

Аталган компаниянын 2015-жылга карата баяндамасына ылайык, кирешеси 200 миллион доллардан 4,9 миллард долларга жеткен. Бул жыйынтыктан соң корпорациянын акциясы 9%га көтөрүлгөн.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 2-октябрынан тартып Alphabet холдинги өзүнө Google, Android жана YouTube камтыйт. Ошондой эле Google Life Sciences, Calico, Sidewalk Labs, Nest, Google Ventures, Google Capital менен Google X көзөмөлгө алат.

Ал эми холдингди Google компаниясын негиздөөчүлөрү Ларри Пейдж менен Сергей Брин башкарып келишет.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...