Акыркы макалалар

Кыргызстанда экстремизм менен күрөшүү үчүн мектептерде дин таануу программасы иштелип чыгат

Кыргызстандын мектептеринде экстремизм менен күрөшүү үчүн дин таануу программасы иштелип чыгат. Бул тууралуу диний иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк бөлүмүнүн расмий өкүлү Борумухамед Эсенов билдирди.

«Мектеп окуучуларына диндин, анын ичинде исламдын негизи боюнча сабак берилет. Бул жаштар арасында радикалдашуу жана экстремизм менен күрөшүүгө көмөк болот», - деди Б. Эсенов.

Ошондой эле ал, чет жактагы диний окуу жайларга кетип жаткан жаштардын мониторингин жүргүзүүгө чакырып, алар кайтып келээри менен диний-экстремисттик уюмдарга башка адамдарды да тартуу менен алектенип калаарын белгиледи.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...