Акыркы макалалар

Оштун борбордук базарындагы мыйзамсыз курулуштар бузула баштады

Оштун борбордук базарындагы мыйзамсыз курулган курулуштар жана соода түйүндөрү 29-январдан тартып бузула баштады. Ош мэриясынын шаар курулушу жана муниципиалдык менчик бөлүмүнүн начальниги Алтынбек Пирматовдун айтуусунда, рейд жергиликтүү жашоочулардын жана автотранспорт каражаттарынын айдоочуларынын арызынын негизинде жүргүзүлүүдө.

Алардан түшкөн арызга ылайык, борбордук базар жайгашкан Тилек Баатыр көчөсүндөгү тротуарларды мыйзамсыз курулуштардан жана өз алдынча орнотулган соода түйүндөрүнөн тазалоо иштери жүрүүдө. Ошол эле учурда соода кылгандарга түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүүдө.

Рейдге Өкмөткө караштуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын Ош шаарындагы башкармалыгынын өкүлдөрү, шаардык архитектура жана шаар курулушу башкармалыгынын кызматкерлери, базардын администрациясы, ички иштер органдарынын кызматкерлери катышууда.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...