Акыркы макалалар

Назарбаевдин мектебинин курулушу ушул жылы башталат

Ош шаарынын “Черемушки” кичи районунда жайгашкан бул агартуу жайы казак президенти Нурсултан Назарбаевдин убадасы боюнча заманбап үлгүдө курулуп, 500 орунга ылайыкташтырылган.

Учурда мектепти куруунун долбоорлоо иши бүткөрүлүп, ал жерде курулуш иштеринин алгачкы этабы жүрүп жатат. Жаңы мектеп үчүн шаар бийлиги 2,5 гектар жер аянтын бөлүп берген. Ал эми мектептин бүткөрүлүшү келерки жылга мерчемделген.

Эскерте кетсек, Казакстандын президенти Н.Назарбаев өлкөнүн түштүк аймагын колдоо максатында казак тараптын каржылык көмөгү менен заманбап үлгүдөгү мектеп куруу ниетин билдирген болчу.

НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА

26.04.2013, №16

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...